Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:44

ОРУСИЯ: КУЛЧУЛУК ТОРУНАН БОШОТУЛГАН ӨЗБЕКТЕР


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага 9-июнда Орусиянын Уюшкан кылмыштуулукка жана террорго каршы күрөш башкармалыгынын агенттери Москвадан анча алыс эмес кыштакта дээрлик кул катары иштеп жүргөн элүүгө жакын өзбекти бошотту. Аларды тек-жайы Азербайжандан делген ишкерлер эркинен тыш иштетип жүргөнү маалым болду. Өзбектер бир ишканада пыязды сорттоп иштеп, алар өндүргөн товар Москванын базарларында сатылып турган.

Орус милициясынын билдиришинче, боштондукка чыгарылган мигранттардын он үчү Орусияга бир нече ай мурун мыйзамсыз жол менен алынып келингенин айтышкан. Ошондон бери алар Москва облусунун Раменский районундагы Чулково деген айылда пыяз сорттоп, күнүнө дээрлик он төрт сааттан иштөөгө мажбур кылынган. Кожоюндары аларды Москвага алып келүү үчүн кеткен унаалык жана башка каражатты төлөгүлө деп баш көтөртпөй ишке салган.

Өзбек мигранттардын паспортторун кожоюндары келээри менен эле тартып алып коюшкан, кээде бир нече ай бою айлыгын убагында төлөбөй, ал түгүл болоор-болбос шылтоо менен айыпка жыгып, маяналарын кесип турушкан. Айрым мигрант аялдар зулум кожоюндары тарабынан сексуалдык кордукка кабылганын да айтышкан.

Акыры бир мигрант эптеп камалган жеринен качып чыгып, Чулководогу милицияга бул окуялар тууралуу кабарлаган. Орус Ички иштер министрлигинин өкүлү Иннокентий Неферовдун билдиршинче, киши аткезчилигинин курмандыгы болгон өзбектерди бошотуу чарасы өтө чукул мөөнөттө ишке ашырылды.

- Операцияны чагылгандай тездик менен уюштурдук. Анткени алар бир мигранттын жоголгонун билип калса, башка адамдарды тобу менен бөлөк жакка которуп кетиши толук ыктымал эле. Анда из кууп табуу алда канча кыйын болмок. Ошондуктан бир нече минутадан кийин биздин ыкчам топ ал жерге барып, бир нече көз ирмемден кийин баары колго түшүрүлдү,- деди Неферов.

Бул куткаруу иш-чарасынын жүрүшүндө мигранттарды кайтарган эки киши кармалды, алар теги боюнча азербайжандыктар болуп чыкты. Аларга мыйзамсыз түрдө адамдарды кармап, мажбурлап иштеткен деген айып тагылууда жана сот бул айыпты тастыктаса, он беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы ыктымал. Милициянын айтымында, бул кылмыштуу окуянын уюштуруучулары да аныкталды, бирок Азербайжандан экендиги милиция тарабынан жоромолдонгон бул кишилердин ысымдары ачыкталган жок.

Бошотулган өзбектердин он үчтөйү өздөрүн мыйзамсыз кармап турган кожондарына каршы сотто көрсөтмө берүүгө макул болушту. Аларга сырттан эч кысым болбошу үчүн, бул кишилер эл аралык миграциялык уюмдун карамагындагы реабилитациялык борборго жайгаштырылды. Дарыгерлердин айтымында, бошотулган мигранттардын бешөө өтө катаал шартта иштөөгө мажбурлангандыктан, узак мөөнөттүк дарыланууга муктаж.

XS
SM
MD
LG