Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

17-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынын негизинде тартылган «Аптап» көркөм фильминин бетачаары 1963-жылдын 17-июнь күнү өткөрүлдү. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрүн мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өткөн кезектеги жыйын иши 2004-жылдын 17-июнь күнү соңуна чыкты.

Content: Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу комитети 1929-жылдын 17-июнунда республикалык Кызыл крест менен Кызыл жарым ай уюмдарын бириктирүү туурасында чечим чыгарды. Борбордук Аткаруу комитет адегенде жаңы уюшулган уюмга «Кызыл жылдыз» ысмын ыйгарууну туура көргөн. Бирок кийин эларалык түшүнүккө тууралап, салттуу ысымды колдонууга киришкен.

Айтылуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Бото көз» чыгармасынын негизинде тартылган «Аптап» көркөм фильминин бетачаары 1963-жылдын 17-июнь күнү өткөрүлдү. «Аптап» көркөм фильмин режиссер Лариса Шепитько тартып, чыгарманын бетачаары «Октябрь» жана « Ысык Көл» кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кийин «Аптап» көркөм фильми Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин жарышында жеңүүчүсү деп таанылган. Ошондой эле «Аптап» көркөм фильми 60-жылдардагы кыргыз кино кереметинин катарынан татыктуу орун алган.

Совет өкмөтүнүн 1969-жылдын июнь айында кабыл алган чечими ар бир союздук республиканын эмгек коллективдеринде талкууга алынган. Совет өкмөтү Кытай Элдик Республикасынын территориалдык дымагын айыптап, ал эки өлкө ортосундагы мамилеге чок таштаары белгиленген. Фрунзелик эмгекчилер да бул күндөрү жыйналыш өткөрүшүп, Кытай мамлекетинин Совет өлкөсүнүн жерлерине көз арткан саясатына каршы терс көз караштарын билдиришкен.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны Ташкент шаарында өтүп, анын иши 2004-жылдын 17-июнь күнү соңуна чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун бул жолку жолугушуусунда Ташкенде жайгашкан аймактык антитеррордук структурасынын башкы кеңсеси ачылган. Кыргызстан президенти Аскар Акаев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугушуп сүйлөшүү өткөргөн. Сүйлөшүүдө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы темир жолду куруу жана Эркечтам-Сарыташ-Ош автожолун оңдоо сыятуу маселелер козголгон.

Кыргызстандын мамлекеттик атрибуттарынын бири эсептелген Өкмөт үйү 2005-жылдын 17-июнунда дагы бир ирээт нааразы болгон адамдар тарабынан басылып алынды. Эл оозунда Ак үй аттыккан Өкмөт үйүнө бейтарап талаптарды бакырган 5 миң чамалуу адам кирип, алар кыска аралыкта укук коргоо кызматкерлеринин күч колдонуусу алдында сыртка чыгарылды. Ак үйдү басып алуу аракетинин маңызсыз маанисинен улам, айрым адистер муну президеттик шайлоодон мыйзамсыз чыгарылган Урмат Барктабасовдун тарапташтары жасады десе, кээ бир аналитиктер болсо, муну оппозицияга каршы күч колдонуу оңтоюн ойлогон бийликтин амалы катары баалады.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Өкмөт үйүн басып алуу аракетин айыптап, «эгерде кимдир бирөөлөр Ак үйгө кирип барсак баары качып кетет десе терең жаңылышат. Мен Кыргызстандан качпаймын. Кача турган эч кандай ишим жок. Керек болсо курал менен бул имаратты, бийликти коргоймун»,- деп белгилеген.
XS
SM
MD
LG