Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

КАРЗАЙДЫ КӨКҮТКӨН КИМ?


Жекшемби күнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай Пакистандын түндүк-батыш райондоруна аскер киргизем --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/06/2227830B-A98F-4748-B443-AD598FEFF66D.asp деп опурулган эле. Байкоочулар муну Кабул өкмөтүнүн эмес, баарыдан мурда АКШнын Исламабадга жолдогон каңкуусу катары баалашты. Карзайды чын эле Вашингтон көкүтүп жатабы?

Президент Буш бул соболго тике жооп бергенден качып, болгону Пакистанды террорчуларга каршы күрөштө Ооганстан менен АКШнын аскер күчтөрүнө активдүү жардамдашууга чакырды. Анын айтымында, бейжазык адамдардын өмүрүн кыйып жаткан экстремисттерди коопсуздук аймактарынан ажыратуу зарыл. АКШ менен Ооганстандын башкы стратегиясы ушунда,ал Пакистан үчүн да ушундай болууга тийиш.

Кабулдук эксперттердин бири Рашид Вазири Пакистандагы, атап айтканда, анын түндүк-батыш райондорундагы террорчуларга сокку урганга ооган өкмөтү толук укуктуу деп эсептейт. Буга өрнөк кылып ал Түркиянын түндүк Ирактагы күрт козголоңчуларын бомбалап, алардын базаларын жок кылып жатканын мисалга келтирди жана муну менен эл аралык өнөгө түзүлгөнүн белгиледи.

Бирок байкоочулар кандай болгон күндө да ооган армиясынын коңшулаш өлкөнүн түндүк-батыш аймактарын башмаанек кылып алышкан талиптер менен алкаидачыларга сокку урганга кудурети жетпейт, муну бир болсо америкалыктардын күчүнө таянып жасашы гана мүмкүн дешет.

Пакистандык белгилүү журналист Рашид Ахмед АКШ менен Пакистандын куралдуу күчтөрү ортосунда өтө чоң нааразылыктар бар деген пикирде. Бул жагынан ар түрдүү көз караштар айтылып жүрөт. Эмнеси болгон күндө да Карзайдын оозу менен америкалыктар пакистандыктарга абдан катуу эскертүү жасагандай болушту.

Мындай пикирге Вашингтондогу “Мурас” фондусунун эксперти Жеймс Филлипс кошулган жок. Пакистандын жаңы өкмөтү радикалдар менен келишим түзүп, Вашингтондун кычыгына тийгени чын. Бирок Карзайдын опузасына америкалыктар шыкак болушту деген кептерди Филлипс негизсиз деп эсептейт. Анын үстүнө Пакистанга басып кирүү планынын америкилык контингенттин колбашчысы адмирал Майк Маллен да кескин четке какты.

Ал эми талиптер менен алкаидачылар топтолгон деп эсептелген Сват аймагындагы бийликтер менен тикелей карым-катнашы бар жергиликтүү пуштандардын улуттук партиясынын өкүлү Захид Хан бардык тараптарга тил табышуу зарылдыгын билдирди. “Ооганстан тынчымайын, Пакистандын тайпалар аймагында да тынчтык болбойт. Бул жерде тынчтык болбосо, анда жалпы түндүк-батыш чекара провинциясында бейкуттук болору күмөн”,- дейт Хан.

XS
SM
MD
LG