Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

“ДАТКАЙЫМ” КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Ушул жума соңунда “Даткайым” скрипачтар ансамбли 10 жылдык мааракесин белгилейт.

“Даткайым” скрипачтар ансамблинин мааракелик концерти улуттук филармониянын кичи залында өтөөрү күтүлүүдө. Ансамблдин жетекчиси Чынара Абдрахманова билдиргендей концерт бир жарым саатка созулуп, кечеде бир катар композиторлордун чыгармалары жаңырат. Жалпысынан ансамблдин репертуарында 150 чыгарма бар. Бул көрсөткүчтү он жылдык тарыхы бар ансамбль үчүн көп да, аз да деп айтса болот дейт Чынара Абдрахманова:

- Анткени биз бүт чыгармаларды жатка ойнойбуз. Аны үстүнө бул чыгармалар баары жекече скрипканын репертуарынын чыгармалары. Андыктан ансамблде ойногонго кыйын.

Ансамблдин курамын 7 солист түзөт. Концертмейстр Гулмира Токтогулова Даткайым” ансамбли түзүлгөндөн тарта эмгектенип келет:

- Он жылдын ичинде биз бир үй-бүлөдөй эле болуп калдык. Ар бир үй-бүлөдө болгон окуяларда дайыма бирге болуп, күбө болобуз. Кичинекей эле балдар-кыздар биздин көз алдыбызда чоңойду деп белгиледи.

Он жыл ичинде ансамблде бир катар солисттер тарбияланып, айрымдары турмуш шартка байланыштуу ишин таштап, кээ бирлери коңшулаш мамлекеттерге кетип калышкан. Мисалы Баян Жунушалиева учурда Казакстандагы мамлекеттик симфониялык оркестрде иштейт. Бул концертке ал конок катары катышат.


Түзүлгөндөн бери “Даткайым” скрипачтар ансамбли өлкөнүн аймактарын кыдырып, концерттерди уюштурушкан. Чет өлкөгө чыгууга да мүмкүнчүлүктөр болду, бирок каражатттын тартыштыгынан бара алышкан эмес.

Эске салсак “Даткайым” скрипачтар ансамблинин мааракелик концерти 20-июнда улуттук филармониянын кичи залында өтөт.
XS
SM
MD
LG