Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

ИЗРАИЛ МЕНЕН ХАМАС ЭЛДЕШТИ


Израил менен Газа тилкесин көзөмөлдөгөн радикал Хамас уюму жетишкен убактылуу элдешүү Газада жашаган 1 миллион 400 миң палестиндин турмушун жеңилдетмекчи. Египеттин арачылыгы менен жетишилген макулдашуу эртең, 19-июнь күнү таң эртең менен күчүнө кирет. Ошондо Хамас Израилдин түштүк аймактарын ракетадан аткылоону, ал эми Израил Газаны абадан бомбалоону токтотот. Эгер убактылуу элдешүүнүн шарттары жетиштүү убакытка сакталса, Израил Газага каршы катаң санкцияларын күчүнөн кетирмекчи.

Элдешүү жетишилгенин Израил өкмөтүнүн маалымат катчысы Марк Регев бышыктады. Ал 19-июндан тартып, Израилдин түштүгүндө эл токтоосуз ракета аткылоосунан арыла турган жаңы турмуш чындыгы башталат" деген үмүтүн билдирди. Ал Египеттин демилгесине Израил колдон келишинче мүмкүнчүлүк берип жаткандыгын, жана андан майнап чыгышын тилек кылаарын кошумчалады:

- Сөз албетте маанилүү, бирок кылган ишибиз андан да маанилүү. Эгер чынында да Газадан Израилге душманчыл террористтик чабуулдар басыла турган болсо, эгер чын эле Хамас Газа тилкесинде аскердик күч куроону токтотсо, эгер Хамастын туткунундагы биздин аскерибизди бошотууда жылыш жасалса, анда албетте, таптакыр жаңы кырдаал түзүлөт.
деди Израил өкмөтүнүн өкүлү.

Алты айга жетишилген элдешүү мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы узартылышы мүмкүн.

Хамас өз кезегинде көздөгөн максатка жеттик деп жар салды. Уюмдун Газадагы башчысы Исмаил Хания буларга токтолду:

- Палестиндердин талабы айдан ачык болчу, курчоого алуу жана блокадалоо токтосун, чек ара өткөөлдөрү ачылсын, агрессия токтосун деп атканбыз. Бул талаптар аткарылат. Палестин эли сүйлөшүүнүн гана эмес бир жылдан берки жылчыксыз, муундурган блокадага чыдагандыгынын да убайын көрөт.

деп айтты Хамастын Газадагы жетекчиси. Бул убактылуу элдешүү эки жакка тең пайдалуу. Хамас израилдер менен сүйлөшүп, көйгөйлөрдү чече ала тургандыгын көрсөтөт, демек бул радикал уюмдун өз элиндеги кадыры өсөт. Хамас Израилди мамлекет деп таануудан баш тартып келатканы маалым, израилдик өкүлдөр азыркы келишимди "египеттик сунуштун" жыйынтыгы катары сүрөттөп жаткандыгы ошондон.

Экинчи жагынан жакырчылыкка баткан Газа тилкесин блокадалоону токтотуу талаптарына байланышкан Израилге эл аралык кысым да жеңилдейт.

Макулдашууда блокаданы акырындык менен күчүнөн кетирүү каралган. Кабарларга караганда, элдешүүнүн алгачкы бир нече күнүндө Израил менен Газанын ортосундагы Суфа жана Карни өткөөлдөрү блокадага чейинки унаа кыймылынын 30 пайызына жеткидей мерчемде ачылат. 10 күн ичинде бул жолдор 100 пайыз ачылууга тийиш.

Ал эми Газадан Египеке баруучу Рафах жолу Израил андан курал ташылбасына көзү жеткенге чейин жабык кала бермекчи.

XS
SM
MD
LG