Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

WORLD PUBLIC OPINION: ДҮЙНӨ ДҮҢГҮРӨГӨН ЛИДЕР ЧЫГА ЭЛЕК


Кубат Чекиров, Прага Дүйнөлүк коомдук пикирди иликтеген WorldPublicOpinion уюму дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жүргүзгөн жаңы сурамжылоо бир дагы улуттук лидердин дүйнөлүк аренада кенири ишенимге ээ эмес экенин көрсөттү. Америкалык президентке ишеним деңгээли төмөндөп бараткан чакта башка бир дагы лидер, анын ичинде Кытайдын жетекчиси Ху Цзинтао, Орусиянын лидери Владимир Путин дагы эл аралык кеңири колдоого ээ боло алган эмес. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун гана эл аралык сурамжылоонун жыйынтыгында аздыр-көптүр жакшы баа алган.

Дүйнөлүк коомдук пикирди иликтеген уюмдун сурамжылоосуна дүйнөнүн 60 пайызын камтыган өлкөлөрдүн ичинен 19 миңден ашык адам тартылган. Алардын арасында Кытай, Индия, АКШ, Индонезия, Нигерия, Россия, Мексика, Аргентина, Улуубритания, Франция, Испания, Азербайжан, Украина, Египет, Иордания, Иран, Түркия, Түштүк Корея жана Таиланд сыяктуу калкы көп сандаган мамлекеттер бар. Сурамжылоо быйыл эки сапар: 10-январда жана 6-майда жүргүзүлгөн. Сурамжылоого алынгандарга дүйнөлүк лидерлердин кылып жаткан иштери канчалык туура экендиги жана аларга канчалык ишеним бар экендиги тууралуу суроолор берилген.

WorldPublicOpinion уюму дүйнөдөгү коомдук пикирди сурамжылаган борборлор биргелешип иштеген долбоор болуп саналат. Ал АКШнын Мериленд штатында Эл аралык саясат мамилелери программасы тарабынан жетектелет.

Сурамжылоого катышкан 20 мамлекеттин өкүлдөрүнүн ичинен он алтысынын берген баасына караганда, президент Жорж Бушка ишеним деңгээли төмөндөп кеткен. Бушка Нигерия менен Индия гана жакшы баасын берген. Буш жаман баа алып, ооматы азайгандардын алдыңкы сабында турат. Ага сурамжылангандардын 67 пайызы терс баасын берген. Ошондой эле Пакистандын президенти Первез Мушарраф дагы аталган өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгүндө жаман баа алган.

Кытай дүркүрөп өнүгүп бараткан кубаттуу мамлекет болуп саналган менен президент Ху Цзинтаого калктын ишеними анча жогору эмес. Сурамжылоого кирген өлкөлөрдүн он үчүнүн өкүлдөрү Кытай лидерине начар баа берген, бирок ошол эле учурда Нигерия, Түштүк Корея, Иран, Азербайжан жана Украинада Кытай лидерине колдоо байкалат.

Жакында президенттик кызматтан премьер-министрдин кызматына өткөн Владимир Путин Орусиянын өзүндө популярдуу саясатчы бойдон калууда. Бирок ал дагы дүйнө коомчулугунун кеңири колдоосуна жете алган жок. Сурамжылоого алынган өлкөлөрдүн он биринин өкүлдөрү Путинге көзү анча түз эмес, бешөөнүн өкүлдөрүнүн гана ой-пикири жакшы. Путин ээ болгон ишенимдин көрсөткүчү 32 пайызды түзүп, ал дагы алдыга суурулуп чыга алган эмес. Путинге болгон сый-урмат жана ишенимдин жогорку чеги эң оболу Кытайда байкалат, ал эми төмөнкү чеги АКШда көрүнөт.

«Эл аралык коомчулуктун Жорж Бушка ишеними азайып кеткени дүйнөлүк лидердин глобалдык вакуумун пайда кылды, башка бир дагы атаандаш лидер алдыга суурулуп чыга элек»,- деп айтты WorldPublicOpinion уюмунун директору Стивен Калл. – Ху Цзин Тао, Владимир Путин көп өлкөлөрдө популярдуу, бирок аларга ишеним артканга караганда шектенүү күчтүрөөк. Ошол эле учурда аларга ишеним байлаган өлкөлөр өзүнчө бириккен бир орчундуу күч болуп кете алышкан жок.»

Дүйнөдө аздыр-көптүр жакшы баага арзыган бирден-бир лидер катары БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунду айтса болот. Сурамжылоого катышкан өлкөлөрдүн тогузунда ал жүргүзүп аткан саясатка тилектештик жана колдоо билдирилген. Сегиз өлкөдө анын ишмердигине көпчүлүктүн ишеними анчалык күчтүү эмес. Үч өлкөдө ой-пикирлер бөлүнүп кеткен.

Британиянын премьер-министри Гордон Браун дүйнөлүк коомчулукка анчалык жакшы таанымал боло элек, бирок ошого карабастан аны алты өлкөдө жакшы баа менен белгилешкен. Анткен менен он бир өлкөнүн өкүлдөрү Британиянын премьер-министрине ишенишпейт.

Пакистандын президенти Первез Мушарраф да дүйнөлүк коомчулуктун колдоосунан дээрлик кур калган. Бул саясатчыга анча-мынча жакшыраак ой-пикир Кытайда гана айтылган, Нигерияда ал жөнүндө жакшы баага караганда сындаган ой-пикирлер басымдуу, калган өлкөлөрдө Мушаррафка жылуу ой пикир жок.

Жакынкы Чыгыштагы коомчулуктун лидерлерге берген баасы кескин сынчылдыгы менен айырмаланат. Египет, Йордания, Ирандын коомчулугунда бардык лидерлерге ишеним анча чоң эмес же таптакыр жок.

Франция башка эл аралык иликтөөлөрдө жакшы бааларды алып жаткан менен анын үзүрү Президент Никола Саркозиге тийген эмес. 19 өлкөнүн ичинен он бешинде анын эл аралык ишмердиги ишеним туудурбайт.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад 13 өлкөнүн өкүлдөрүнүн терс баасын алган. Анын эл аралык ишмердигине жылуу мамиле Индонезияда гана бар болсо, Түркияда ага карата ишеним дээрлик жок. Мурдагы жана кийинки сурамжылоолордун жыйынтыгы Ахмадинежаддын мусулман дүйнөсүндө лидер болуудан али алыс экендигин айгинелейт.

XS
SM
MD
LG