Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:55

19-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1917-жылы Пишпек уездиндеги Ысыката волостунун дыйкандары өзалдынча Айдабосун болуштугун ачуу демилгеси менен чыгышкан. 1932-жылы Кыргызстанга москвалык жана ленинграддык 75 окумуштуудан турган СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү экспедициясы келген.

Сибирдеги орус бийлиги энесайлык кыргыздар менен узак жылдар бою кырчылдаша жоо болуп, алардан арбын азап тартышкан. Орус воеводалары кыргыздардын ички абалы, жана тышкы саясаты туурасында кабардар болуп туруш үчүн аларга элчилик жиберип, болбосо тыңчылар аркылуу кыргыз жергесинен кабар алышкан. Орус воеводаларынын тапшырмасы менен онбашчы Ф. Миронов 1688-жылдын 19-июнунда Кузнецктен чыгып кыргыз жергесине аттанган. Орус воеводалары ага кыргыздардын Алтыр улусунун башчысы Даин Ирка бек менен жолугушуп, андан мамлекет башчысына керектүү адамдары сурап, кыргыздардан киш терисинен албан чогултуу тапшырмасын жүктөшкөн.
Пишпек уездиндеги Ысыката волостунун дыйкандары 1917-жылдын бу күнү өзалдынча Айдабосун болуштугун ачуу демилгеси менен чыгышкан. Кыймылга 359 түтүн тартылып, алардын ишенимдүү өкүлү Акмат Каңылбаев «биздин Ысыката волостунда аксымдыгы менен жалпыга маалым Ысак Найманов деген манап бар. Ал алдым-жуттумга берилип, букараларга жашоо бербегендигине байланыштуу биз өзалдынча болуштук ачууну көздөдүк»,-деп билдирген.

Ачкачылык айынан Сибирден жер которгон адамдар 1922-жылы Пишпекке жана анын айланасына жайгаша башташты. Алардын айрымдары шаардын чет жакасындагы Молдовановка айлына орун алышып, жер төлөлөрдү казып киришкен. «Жертөлөчүлөр» менен жергиликтүү калктын ымаласы башынан келишпей, бирок пишпектик бийлик биринчилерди «совет түзүлүшүнө коомдук жакындыгы бар» деп жан тартышы чырдын ырбашына бөгөт болгон.

1932-жылы Кыргызстанга москвалык жана ленинграддык 75 окумуштуудан турган СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү экспедициясы келген. Геологиялык жана геохимиялык топ Кыргызстан аймагында орун алган алтын, күмүш, жез, темир сыяктуу кендерди жана жылуу суу чыккан аймактарды изилдөөгө киришкен. Малчарбасын иликтеген топ, топоздорду бодо мал менен аргындаштыруу ишин башташса, археологдор өлкө аймагындагы тарыхый эстеликтерди издешип, археологиялык казууларды жүргүзүшкөн. Этнографтар Кыргызстандын айыл-кыштактарын кыдырышып, материалдык маданият үлгүлөрүн тарых музейине топтошкон.

Фрунзелик биологдор, профессор В. Ткаченко менен К Романенколор 1979-жылдын бу күнү шаардын парктары зор коркунучка кабылгандыгын кабарлашты. Алардын айтмында, зыяндуу голланд мителери каражыгач, көк тал сыяктуу дарактарды ооруга кабылдырып, куурата тургандыгы белгилүү болду.

Бу күнү, 1809-жылы Британияда парламенттик орундардын сатылышына каршы мыйзам кабыл алынып, 1848-жылы феминсттердин I курултайы өткөрүлүп, 1862-жылы бүткүл АКШ аймагында кул кармоого тыю салынып, 1929-жылы кыргызстандык таанымал адабияттаанычу, сынчы Михаил Рудов жарык дүйнөгө келсе, 1988-жылы кыргыз совет адабияты оор жоготууга учурап бу күнү айтылуу жазуучу Аалы Токомбаев дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG