Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Ооган бийлиги Кандагардагы бир нече кыштак талиптерден бошотулганын кабарлады


Расмий маалыматтарга караганда, талип жоочулар капыстан жасалган чабуулга жана аба соккуларына туруштук бере албай, Кандагардын Аргандаб ооданындагы кыштактардан качып чыгышкан. Кандагар аймагынын акими Асадулла Халид соңку күндөрү араларында көптөгөн пакистандыктар бар делген жүздөгөн талиптер жарадар болуп жана өлтүрүлгөнүн кабарлады. НАТО бул маалыматты азырынча тастыктай элек. НАТО өкүлү Марк Лэйти тек гана аларга козголоңчулар өзгөчө каршылык көрсөтө албаганын айтты. Шаршембиден тарта ооган жоокерлер менен НАТО жетектеген эл аралык бейпилдик күчтөрү Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде талиптерге каршы ири аскердик иш-чара жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG