Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

“ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИНДЕГИ МАКАЛА ЧУУСУ ЖАНДАНДЫ


Бишкек шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган “Де-факто” гезитине жарыяланган макалага байланыштуу жаңы бир факт пайда болуп, ал тууралуу “Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун башчысы Качкын Булатов билдирүү жасады. Бирок, укук коргоочунун ал билдирүүсү коомчулукта бүдөмүк суроолорду да күчөттү.

Эр айдоочу” укук коргоо уюмунун башчысы Качкын Булатов ал маалыматы “АКИ-пресс” агенттигинде төмөнкүчө таратты:

- Он беш күн мурун мага бир татынакай аял келип, шаардык салык инспекциясындагы коррупцияга каршы күрөшөт элем деди. Ал жеп ичкендер көп болуп жатат, ал тууралуу аудио, видео тасмалар бар деп, көп документтерди көрсөттү. Анан момундай арыз жаздым деп көрсөттү. Ал арызың жарабайт момундай кылып жазыш керек деп, укук коргоочу катары өз колум менен оңдоп жазып, көргөзүп бердим. Анан муну прокуратурага бергениң менен ал көмүскөдө эле калып калышы мүмкүн, ошон үчүн гезитке бер, анан аны Бакиевге, премьер-министрге, Башкы прокуратурага да жолдо деп айттым. Алар текшерсин, укук коргоочу катары мен сага жардам берем деп айттым. Ал аялды мен тааныйм,себеби ал күбөлүгүн көрсөткөн. Шаардык инспекцияда иштейт экен, анда Молдоева Замира деп жазылып турат. Азыр бул жерден кийин инспекцияга барып, ал аялды алып прокуратурага алып барып берем,- деген укук коргоочу тергөө органдарына барып, бул маалыматты берүүдөн мурун билдирүү жасап жаткандыгынын себебин:

- Ушундай чуу болуп жаткандан кийин маалымат берейин деп чечтим. Алдын-ала маалымат берип койбосом болбойт, себеби, эгер мени камап койсо мен кайра чыга албайм, эч кандай маалымат бере албай калам да.,- деп түшүндүрдү.

Качкын Булатов чыны менен эле түшкө чейин Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүндө көрсөтмө берди. Анын жыйынтыгы тууралуу:

- Таап келиңиз дешти. Мен ишембиге чейин убакыт бергиле, таап келип берем деп айттым. Эми издейм да!

Укук коргоочунун мындай билдирүүсү табышмактуу макала авторунун изин табууга жик салаар деген үмүт жараткан менен будөмүк суроолорду күчөттү.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын баамында, буга Качкын Булатовдун кылмыш иши козголгондон бир топ күн өткөндөн кийин күтүүсүздөн маалымат тараткандыгы жана шаардык прокуратура дайыны белгисиз деп жаткан аялды таап берем дегени башкы себеп:

- Качкын Булатовдун түшүнүксүз абалда маалымат бергенинин өзү да таң калыштуу көрүнүш. Анан бул жерде баса белгилей кете турган нерсе-гезит күмөндүү материалдарды жарыялардан мурда этият болуш керек эле. Ал эми Качкын Булатов таап берем деп айтканы менен ал аял таптырабы, таап бере албай калабы бул дагы чоң маселе. Эгер Качкын Булатов маалыматтарды ошол аялдын колунан алгам же көргөм деп айткан болсо өзү да түздөн-түз жооп бериш керек.

Ал эми “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова укук коргоочунун өз эрки менен маалымат бергени чындыктын көзүн ачууга жасаган эрдиги жана аны тергөө органдары натыйжалуу пайдаланып калуусу зарыл деген пикирде:

- Укук коргоочу Качкын Булатов өзүнүн жарандык эркин көрсөттү. Бул макаланы жазгандыгын кылмыш иши ачылгандыгына карабастан, коркпостон элге ачык айтты. Эми журналисттерге айта албаган маалыматын тергөөдө айтат болуш керек.

Анткен менен Бишкек шаар прокурору Айбек Турганбаев Замира Молдоева аттуу аялдын дареги шаарда табылбагандыгын, демек, гезитке макала жазган адам ойдон чыгарылган фамилияны койгон деп билдирген:

-Биз аны такташ үчүн Ички иштер министрлигинин даректи тактоо бөлумдөрүнө кайрылдык. Алардан Молдоева деген жаран шаарда катталган да эмес, каттоодон чыккан эмес деген жооп алдык. Демек, Молдоева ойдон чыгарылган ат. ,- деп, гезит редакциясы текшерилбеген маалыматты жарыялап, “Маалымат кражаттары” жөнүндөгү мыйзамдын талабын бузганы үчүн кылмыш иши козголгондугун белгилеген.

Тилекке каршы, укук коргоочунун өз эрки менен билдирген маалыматы эми эске алынаар же алынбасы тууралуу тартип коргоо органдарынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Ал эми укук коргоочу Качкын Булатов: - Коррупцияга малынганы көрүнүп эле турбайбы! Ушул салык инспекциясы таза иштейт деп ким айта алат? Ошондуктан бул чын деп ойлойм. ,- деп, арыз жазып өзүнө келген аялды табарына бекем ишенимде.

“Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова болсо эми ал аял топтогон фактыларын жоготуп жибербесе болду деп чочулоодо:


-Салык инспекциясынан алып келген тасмасы бар деп жатпайбы. Эгер ошол тасма табылса баары дайын болот. Эгер ал аял коркуп ошол далилдердин баарын жок кылып койсо далилдеш кыйын болуп калат. Эми ошол аялдын эркинин күчтүүлүгүнө, эр жүрөктүгүнө көп нерсе байланыштуу.
XS
SM
MD
LG