Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

БРЮССЕЛДЕ ЕВРОБИРИМДИКТИН КЕЗЕКТЕГИ САММИТИ БАШТАЛДЫ


Европа союзунун 27 мүчөсү бүгүн кезектеги жайкы баш жыйынын башташты. Күн тартибинде бир нече шашылыш маселе бар, бирок Евробиримдиктин ишмердүүлүгүн жогорку баскычка көтөрөт деген Лиссабон келишиминин Ирландияда четке кагылышы күн тарбиндеги негизги маселеге айланууда.

Брюсселде башталган эки күндүк самитте "Ирланддар өткөн аптада Лиссабон келишимин четке каккандан кийин эми эмне кылыш керек?" деген суроого баш катышышмакчы. 27 мүчө-мамлекеттин өкмөттөрүнүн дээрлик бардыгы келишимди кабыл алыш керек деп колдоп жатышат. Аларга кошулбагандардын арасынан арасында Ирландия менен катар бир гана Чех жумуриятын атоого болот.

Мисалы адатта европалык интеграцияны тереңдетүүгө каршы чыкчу Британия ирландиялык референдумдун терс жыйынтыгын көңүлгө албастан, ушул аптада Лиссабон келишимин жактырды, ошону менен аны колдогон өлкөлөрдүн саны 19га жетти.

Айрымдар Европаны "эки башка ылдамдыкта" өнүккөн биримдик деп жарыялап, алдыга кеткендерге мүмкүнчүлүк берип, каалабагандар кала берсин деп жатышат. Бирок Германиянын канцлери Ангела Меркел бүгүн мындай жолойго каршы чыкты:

- Европа биримдигинин келишимдери бир добуштан колдоого ээ болушун кепилдешибиз керек. Буга жетишиш канчалык кыйын болбосун, башка арга жок. Бир добуштан болушу сөзсүз керек, келишимди түзгөн да, аткарганда да мүчө-өлкөлөр, ошондуктан ага ар бир өлкө макул болушу керек.

Ал эми Европа Комиссиясынын президенти Хозе Мануэл Барросо ирландиялык добуш берүүнүн жыйынтыгы Евросоюздун ишин токтотуп койбошу керектигин эскертти. Анын пикиринде, мүчөлөр мунайдын кымбатташына байланыштуу энергияны сарамжалдоо жана жер абасынын ысышы боюнча иштерди аткара бериши керек.

Барросо ошондой эле Брюссел самитинде күйүүчү майдын кымбатташынан айрыкча кыйналган атуулдарга жардам көрсөтүүнүн жолдору да талкууларын билдирди, ошол эле мезгилде мунайдын баасы өссө өсүп, арзандабай тургандыгын белгилеп, экономика өзү буга ылайыкташат, өкмөттөр буга кийлигишпеши керек деп айтты.

Бундестагда сүйлөгөн сөзүндө Меркел да Барросонун сөзүн сүйлөдү:

- Финансылык саясатка кийлигишүүнү улам кайра сөз кылып жатышат, бирок мындай кийлигишүү акыр-аягында зарыл адаптацияны чектейт. Ошондуктан биздин көз карашыбызда, буга жол берилбеши керек.

Европа биримдигинин айрым өлкөлөрүндө жүк ташыгычтардын айдоочулары, балыкчылар жана дыйкандар мынчалык кымбат күйүүчү май менен күн көрө албай калгандыгын айтып, ири демонстрацияларды өткөрүшкөн эле. Айрым өкмөттөр мындай чыгууларга Биримдиктин эч кандай реакция көрсөтпөгөндүгүн сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG