Айтылуу кыргыз элчиси Абдрахман Кучаков 1789-жылдын бул күнү дүйнөдөн кайткан. А. Кучаков буга чейин элчилик менен Петербург шаарына барып, андан Омскиге кайтып келген. Абдрахман элчи катуу оору экендигине карабастан, 5 жыл мурда уурдалып учу узарып келаткан «кербен карагын» териштирүүгө киришкен. Айрым тарыхчылар анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышын, элчилик кездеги катаал турмуш запкысынан болсо керек, деп божомолдошот.
Орус өкмөтүнүн 1897-жылкы тыю салуусуна карабастан, Пишпек уездине Россиянын европалык бөлүгү менен Сибирь аймагынан жер которгондордун аягы сууган жок. Алар негизинен Чүй өрөөнүнө жайгашышып, мындагы жергиликтүү калктын ээликтерине көз арта башташкан. Кыргыздардын ээликтери чектелип, эми алар түздүктө орун алган кыштоолордон ажырап, тоо этектерине сүрүлө баштаган. Мындай жагдай оурстар менен кыргыздар арасындагы кырдаалды эле курчутбастан, жаңы жер которгондор менен мурда көчүп келген орус тургундары арасындагы чатакты ырбаткан. Ошондуктан эски жер которгондор жаңы жер которгондордун айыл-кыштактарын: Дуровка, Самодуровка, Самовольный поселок, Свинячья выселка деп атап алышкан.
Нарын уезддик-шаар партиялык конференциясы 1920-жылдын 20-июнунда ишин баштады.
ВКП (б) Кыргыз обкомунун VII пленуму 1933-жылдын бу күнү ишин аяктады. Партия пленумунда Кыргызстан партиялык уюмунун иш милдеттери, учурдагы оруп-жыю компаниясынын аткарылышы, маданий турмуш, элге билим берүү жана «Кара күңгөй» айлындагы партиялык ячейканын иши сыяктуу маселелер каралган.
Фрунзелик азсандуу архитекторлор 1937-жылы республикалык маалыымдоо каражаттары аркылуу өз кесибине карата сын айтып чыгышты. Алар азыркы убакка чейин шаардын курулуш планы жок экендигин, имараттар тушкелди курулуп атканын, алардын фасаддары көңүл иренжигендей кооздолгондугун ачыкка чыгарышты.
20-июнь африкалык качкындар күнү катары белгиленип, 1940-жылы жазуучу, сынчы Даирбек Казакбаев жарык дүйнөгө келсе, 1975-жылы жазуучу, драматург Касымаалы Бектенов дүйнөдөн өткөн.