Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

К.БАКИЕВДИН СҮРӨТТӨРҮ НАРЫН ШААР КӨЧӨЛӨРҮНДӨ КӨБӨЙДҮ


Нарын шаарынын борбордук жана чет жакаларындагы атайын орнотулган жарнак такталарында Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиевдин сүрөттөрү пайда болду --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/652023A2-18DC-465E-A866-5A92D8AF15A9.asp . Мындай көрүнүштү бир катар жергиликтүү тургундар президент К.Бакиевдин 27-июнда Нарын облусуна жасала турган иш сапарына кошоматчылык деп эсептешсе, жергиликтүү бийлик кадыресе көрүнүш катары сыпаттоодо.



Учурда президент Бакиевдин Теңиртоо жергесине 27-июнда иш сапары менен келери тууралуу маалыматтар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан байма-бай айтылып, Нарын шаарынын борбордук көчөлөрү тазаланып акталууда. Ал ортодо Нарын шаарынын борбордук жана 64 аймагындагы негизги жарнак такталарында президенттин банерлик же болбосо мегаборттук чоң сүрөттөрү тоо арасынан орун алган “Ар бир кыргызстандык татыктуу жашоого тийиш. Күчтүү регион, күчтүү мамлекет” деген сөздөр менен коштолгон. Мурда ар кандай жарнактар жазылып келген такталарды президенттин сүрөттөрү ээлеп калышы жергиликтүү тургундар арасында кыйла пикирлерди жаратууда:

- Менин атым Осмоналиев Турдубек. Мен буга туура эмес эле карайм. Бакиев өзү иштеп атптайбы, билет элдин баары. Троллейбус туруучу линияга тоскоолдук кылып атат.

- Атым Болотбек Сурапов. Нарын шаарында рекламалык такталарда Курманбек Бакиевдин сүрөттөрү илинип турат. Жаңы илинди. Бул жерде “Күчтүү регион, күчтүү мамлекет” деген сөзү жагып атат. Бирок К.Бакиевдин сүрөттөрүн бийликтегилер илип алганы жаккан жок. Мүмкүн президент келерине байланыштуу даярдык, президенттин сүрөтүн илип тосуп алыштын камы го.

- Мен «Тынчтык» мамлекеттик эмес уюмдун жетекчиси Окошова Анаргүл. Мен таң калып атам. Эртең президент келет деп атканда биздин жергиликтүү бийликтегилердин ага болгон кичинекей кошоматчылыгы деп ойлоп калдым. Түркмөнбашынын сүрөттөрү азыр Түркмениянын ар бир аймактарында илинип турат деп атышат. Ошол биз азыр түркмөнбашы болуп баратат болушубуз керек.

Нарын шаарындагы жергиликтүү үйдүн кызматкери Кудайберген Молтоев бул жерде саясат бар деп эсептейт:

- Негизи сүрөттөрдү жайылтып илүү өзүн элге толук деңгээлде тааныштыруу. Мисалы Бакиев десе аны кээ бири тааныбай калышы мүмкүн да. Мунун аркасында чоң саясат бар. Биз саясатка кийлигише албайбыз.

Нарын шаарынын мэри Бейшенаалы Боогачиев мамлекет башчысынын мындай сүрөттөрүн илүү мурдатадан болжолдонгондугун, дагы мүмкүнчүлүк болсо бир-эки жерге илүү ишке ашырыларын айтат:

- Ал щиттин ээлери бар. Аларга биз уруксат берип атканда, алар менен макулдашуубуз бар керек учурларда кабыл алып мындай нерселерди илип турганга. Президент келет дей электе эле илине башталган сүрөттөр. Биз өзүбүз эле 2-3 жерге илип койсокпу дегенбиз. Дагы илгенге сүрөт жетпей атат, болсо дагы 2-3 жерге илип койсок жакшы эле болмок.

XS
SM
MD
LG