Минтимер Шаймиев регион башчыларын Москвадан дайындоого башынан эле каршы чыккан. Ошол идеясын ал ушул аптанын башында орус басылмаларынын Казанда өткөн бүткүл дүйнөлүк форумунда кайрадан эске салып, губернаторлорду кантсе да элге салып шайлоо керектигин белгиледи. Буга кошо Шаймиев Кремлден сунуш кылынган кандидатураны колдобой койгон жергиликтүү парламентти таркатып жибергенге федералдык президентке укук берген эреженин да демократияга каршы келерин бөлүп көрсөттү.
Байкоочулар Шаймиевдин пикиринде чындыктын үлүшү бар дешет. Мисалы, Татарстан – улуттук республика, анын президентин шайлоо кайсы бир областтын губернаторун шайлоо дегендик эмес. Ошол себептен Шаймиев өз учурунда “Россия федерация түзүлүшүндө гана демократиялык мамлекет боло аларын”, кокус “аны унитардык формага өткөрүүгө аракет жасалса, анда мунун арты улутчулдукту күчөтөрүн” эскерткен. Ошол эле учурда Шаймиев Путиндин кезинде анын жардамчылары ойлоп тапкан “суверендүү демократия” концепциясын да колдогон.
Ошол эле учурда азыр Россияда “президент” аталган чиновниктен көп неме жок. Волга боюндагы, түндүк Кавказдагы жана Сибирдеги республикалардын баарында өз башчыларын “президент” аташат. Байкоочулардын айтымында, Кремл региондордун саясий түзүлүшүн өзгөртүп, бир жагынан улуттук республикалардын “суверенитет парадына” алдын ала каскак коюуну, экинчи жактан регион башчыларынын саясий статусун төмөндөтүүнү көздөгөн. Ал эми Москвадагы саясий прогноздор борборунун башчысы Оксана Гончаренко “федералдык борбор баарыдан мурда табигый ресурстарга бай Татарстан, Башкырстан жана Якутия сыяктуу улуттук республикаларда бийликтин жаңы рычагдарын алууга кызыкдар” болгон деп эсептейт.
“Звезда Поволжья” гезитинин башкы редактору Рашид Ахмедов татар президентинин бул жолку идеясын эки өңүттө карады. “Мунун субъективдүү жана объективдүү себептери бар, -деп айтты ал “Азаттыктын” татар редакциясына. – Биринчиден, муну Шаймиевдин жаңы президент менен мамилесин бекемдөө аракети таризде түшүнсө болот. Шаймиев азыр Медведев менен Путиндин ортосунда турат. Путин премьер, ошондуктан анын бир кездеги кадамдарын сындагандан коркпойт. Экинчиден, Шаймиев Москванын регионалдык саясатына мурдатан эле каршы чыгып келди. Ушул жактан алганда анын пикирлери радикалдуу көрүнөт жана колдоого татыйт”.
Бирок Шаймиевдин эски-жаңы идеясын азырынча башкыр президенти Муртаза Рахимов гана колдоду. Губернаторлордун көпчүлүгү “Россия регион башчыларын шайлоого али бышып жетиле электигине” шылтоолоп, Шаймиевдин сунушун четке кагышууда. Ошол эле учурда Кремлдин жогорку даражалуу бир өкүлү регион башчыларын элге салып шайлоо идеясы биротоло жабыла электигин, болгону жакынкы аралыкта мындай эреже киргизилбей турганын “Коммерсанттын” кабарчысына ырастаган.