Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

ГРОЗНЫЙДА ЧЕЧЕН СОГУШУНУН 800 КУРМАНДЫГЫН ЧОГУУ КӨМГӨН ЖЕР ТАБЫЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Грозный шаарында Чеченстандык биринчи согуштун курманы болгондорду чогуу көмгөн жер табылды. Чеченстан боюнча адам укугун коргоочу Нурди Нухажиев журналисттер алдында ушундай билдирүү жасаган. Чеченстан борбор шаарында табылган ал жерден сегиз жүз кишинин сөөгү чыккан. Алар кантсе да ошол жерде жашашкан тургундар сөөгү деген божомол айтылууда. «Мемориал» борборунун жетекчилеринин бири Александр Черкасов билдиргенге караганда, аларды иликтеп, ким экенин аныктоо - мурда кармалып, бирок дайыны билинбей жоголгон кыйла кишилердин тагдырын билүүгө чоң жөлөк болот.

Ошентип Чеченстан биринчи согуш маалында ажал тапкандардын сөөгүн чогуу жашырган жер табылган. Ал жумурият омбудсмени Нурди Нухажиев билдиргенге караганда: Грозный калаанын Ленин районуна караштуу чокунгандар көрүстөнүнүн жанынан 800 киши чогуу көмүлгөн жер табылган.

- Ал жылы ордо калаага чабуул жасалганда окко учкан тургундардын денесине көчөлөр менен үйлөрдүн алды толуп калган эле. Кийин аскерлер ал сөөктөрдү алып барышып өздөрү билген жерге көмүшкөн. Бирок алардын кайда көмүлгөнүн эч ким билбей келаткан,- деген адам укугун коргоочу.
Анын баамында бул жерге кишилерди массалуу түрдө көмүү 1995-жылдын 2-январынан тартып 31-октябрына дейре уланган.

Акыйкатчы андан аркы кебинде мындай дейт: «Бул кишилер чогуу көмүлгөн жерде мурда өздөрүн медициналык экспертизабыз деп аташкан кандайдыр бир аскерий түзүлүш жайгашкан болучу. Алар өлгөндөрдү тизмеге алып, сүрөткө тартып анан сөөктү көмүп турушкан. Сөөктү көмөр алдында ага өзүнчө номур берип анан көмүшкөн».

Ал аскерий түзүлүштүн архиви маркум болгондор ким экенин билүүдө абдан керектүү жардам болорун айткан жана ошол себептен жакында, Орусиялык коргоо министрине кайрылуу жазай тургандынан билдирген.

Ушул эле айдын ичинде Чеченстанда ушуну менен үчүнчү жолу кишилерди тымызын көмгөн жерлерди табуу болгон. Маселен, Гудермес аймагынан ай жаңырганда жерге жашырылган эки эркектин сөөгү табылып алар мындан төрт жыл мурда уурдалып кетип ың-жыңы жок жоголгондор экени айгинеленген. Дагы бир жашырын көмүлгөн сөөктү ошол аймактан табышкан.

«Азаттыктын» маалыматында айтылгандай, «Биринчи Чечен согушу тушунда массалуу түрдө көмүлгөн кишилдердин сөөгү Грозныйдын Ленин районунан табылганы туурасында жумуриятын иликтөө башкармасы билдирди».

«Северный Кавказ» сайты жазганга Караганда, «Чеченстанда тымызын кишилреди массалуу түрдө көөмп келген 60 жер белгилүү. Ал жерлерде 3 миңден ашуун кандайдыр бир белгисиз шартта көздөрү тазаланган кишилердин калдыгы бар».
Чеченстанда уурдалып кетип анан ошол бойдон жоголуп кеткен атуулдар эсеби беш миңге чукулдап барат.

XS
SM
MD
LG