Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

ПАКИСТАН ТАРАПТАН ООГАНСТАНГА РАКЕТА АТЫЛДЫ


Ишембиде Пакистан аймагынан атылган ракеталардан Ооганстандын 5 карапайым тургуну каза тапты. Бул тууралуу Ооганстандын расмий өкүлдөрү жана коалиция күчтөрүнөн билдиришти. Пакистан менен Ооганстан ортосундагы мамилелер --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/06/0959972A-307E-48A5-A4DB-C287A032CAF1.asp ансыз да курчуп кеткен.

Пакистан тараптан атылган ракеталар Ооганстандын Хост шаарына тийип, бир аял 3 баласы менен кошо мерт болгону кабарланууда. Чабуул маалында дагы 7 жайкын тургун жараат алганын чөлкөм губернаторунун басма сөз өкүлү Хабер Паштун Азыттыкка маалымдады:

- Бир нече ракета коалициянын базасы жайгашкан Кунди районуна атылган. Бир үй-бүлөөдөн 4 киши шейит кетти, дагы 7 карапайым киши жараланды. Анын экөө оор абалда. Ракеталар чегаранын аркы жагынан атылган.

Сокку үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алышты. Алардын ырастоосунда, бардык 8 ракета НАТОнун базасына тийген. Паштун болсо бир да ракета бутага тийбегендигин, коалициянын күчтөрү жооп кайтарганын айтты.

Ошол эле күнү Кунар провинциясынын губернатору Саед Файзулла Вахиди Пакистан тараптан атылган ракета ооруканага тийгенин билдирди.
Андан бир киши өлүп, дагы эки карапайым адам жарадар болду.

Бул аралыкта НАТО Пактика чөлкөмүндө пакистандык ракета альянстын базасынын жанына, дагы 3 ракета ооган армиясынын турумдарына атылганын маалымдады.
Провинция губернатору Акрам Хпалвак бул кабарды тастыктады:

- Ооба, ишембиде чегарадагы текшерүү пунктарыбыздын бири чабуулга туш болгон. Бул – күнүмдүк көрүнүшкө айланган.

Пактикадагы соккудан курман болуп болбогондор тууралуу айтылган жок. Хпалвактын айтымынды, Пакистандын уруулар жашаган аймактарындагы согушкерлер Пакистан армиясынын жабдыктарын колдонуп келишет:

- Террористтер Түндүк жана Түштүк Вазиристанда өтө активдүү. Алар жергиликтүү өкмөттүк мекемелерди жана аскерий базаларды өз көзөмөлүнө алышкан. Ал жердеги аскерий күч-кубат террористтердин колуна топтолгон. Кол салууларды террористтер менен пакистандык талиптер ишке ашырып жатканы айкын.

Пакистандын расмий адамдары НАТОнун жана Ооган аскерлеринин турумдарына сокку урган жоочулар Пакистандын эмес Ооганстандын аймагында жайгашканын айтууда. Ооганстан болсо коңшу өлкөнүн коопсуздук органдары талиптердин соккуларына көз жумду мамиле жасоодо деп көптөн бери айыптап келатат.

Айрым кабарларга караганда 10-июнда америкалык согуш учактары Пакистандын чегара пунктун бомбалап, пакистандык 11 жоокер набыт болду. Бул маалыматтан кийин эки коңшунун мамилелери ого бетер начарлады.

5 күндөн кийин ооган президенти Хамид Карзай Пакистандын куралдуу күчтөрү тоолуу аймактардагы талип лидерлерин колдошот деп айыптап, экстремисттерди жок кылуу үчүн Пакистанга аскер жиберүүгө даярдыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG