Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

М.АЙДАРКУЛОВ: ЖУРНАЛИСТТЕР МЫЙЗАМ МЕНЕН ИШТЕГЕНДИ ҮЙРӨНӨ АЛБАЙ ЖАТАБЫЗ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек “Азаттыктын” бүгүнкү таңкы маектештеринин бири Маданият жана маалымат министрлигинин Маалымат саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мелис Айдаркулов болду. М.Айдаркулов биз менен өлкөдөгү жалпыга маалымдоо каражаттарынын айланасындагы соңку кырдаал тууралуу маек курду.

- Телекөрсөтүү жана радио уктуруулар жөнүндөгү мыйзам жакында эле күчүнө киргени белгилүү. Бирок бул мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү иштеп чыгуу сиздердин министрликке тапшырылды эле. Бул боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

- Бул боюнча, мындан эки жума мурда президент мыйзамга кол койгондон кийин бир жума өтпөй жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко чиновниктер менен катар радио-теле уюмдарда иштеген адистер, өкмөттүк эмес уюмдарда иштеген адамдар дагы кошулду. Алар эки жуманын ичинде сунуштарды даярдап бүтүрүш керек. Аны Адилет министрлиги менен биргеликте экспертизадан өткөрөбүз дагы анан өкмөткө жиберебиз. Ал эми өкмөт Жогорку Кеңешке сунуш кылат.

- Ошондо, бул мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал?

- Эми, бул жерде маселе талаш нерселерде болуп жатат. Биринчиден, берүүлөрдүн 50 пайызы өздүк продукт болушу керек, 60 пайызы улуттук продукт болушу керек деген жер. Анан тил маселеси, берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси мамлекеттик тилде болушу керек деген жерлердин тегерегинде талкуулар болот. Ошол талкуудан кийин биз өз сунуштарыбызды беребиз. Андан тышкары да бир топ маселелер бар.

- Мелис мырза, эми айрым оппозициялык гезиттердин айланасындагы окуялар тууралуу сөз кылсак. Белгилүү болгондой “Де-факто” гезитине каршы кылмыш иши козголуп, акыркы бир жумадан бери гезит чыкпай турат. Коомчулукта бул сөз эркиндигин чектөө катары бааланууда. Сиздердин министрликтин бул маселеге позициясы кандай?

- Мен министрликтин позициясын айтардан мурда, мурда көп жылдар бою республикалык гезиттерде башкы редактор болуп иштеген адам катары айтар элем. Биз журналисттер мыйзам боюнча иштегенди дагы деле үйрөнө элекпиз. Кесиптештериме менин айта турган сөзүм ушул да. Мыйзам боюнча иштегенди үйрөнө албай жүрөбүз. Оппозициялык гезит болгондон кийин, дегеле ушундай жагына келгенде кылдат, так иштеп, материалды жазганда далилдер болушу керек эле да. Тилекке каршы эмнегедир бир тараптуу болуп, бийликти күнөөлөп, кысымга алып атат, “тиги-бу” деген сөздөр жазылып атат. Мен айтар элем, мунун бардыгын жанагы салык инспекциясында иштеген адамдын арызынан кийин гана болуп жаткан органдардын иши деп гана эсептейм. Эми, алардын канчасы мыйзам чегинде, канчасы мыйзам чегинен чыгып кетти деп мен баа бере албайм адис болбогондон кийин. Бирок бийлик тараптан кысым болуп жатат дегенге макул эмесмин.

- Мелис мырза, бизге маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!
XS
SM
MD
LG