Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

24-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Дене тарбия маданиятына арналган Биринчи республикалык майрам 1927-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында салтанат менен ачылды. Фрунзе шаардык бийлиги 1956-жылдын 24-июнунда Аскер-аба күтөрүнүн күнүнө байланыштуу Панфилов паркында авиатехникалардын көргөзмөсүн өткөрдү.

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кезектеги жыйыны 1964-жылдын 24-июнь күнү Фрунзе шаарында өткөрүлдү. Жыйын катышуучулары партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын ылдыйтадан жогору карай уюшулуш принцибин жактыргандыгын билдиришти. Көзөмөлдөө органдары заводдун цехи жана айыл чарбасындагы колходон тарта министрге чейинки катмарга көз салып, иштөө тартибин жөнгө салууда зор салым кошкондугу белгиленди. Жыйын чечимине ылайык көзөмөлдөө кызматы Кыргызстан коммунисттер партиясынын Борбордук комитетине караштуу партиялык-мамлекеттик көзөмөлдөө органы менен Кыргызстан Министрлер кеңешине карай тургандыгы аныкталган. Комитеттин төрагасы жана Кыргызстан КП БКсынын катччысы Н. Минич көзөмөлдөө органдарынын иштөө принциби активисттерге каршы жасалчу куугунтук эмес, партиялык жана мамлекеттик көзөмөлдөөнү орнотуу экендигин белгиледи.

Фрунзе шаардык бийлиги 1956-жылдын 24-июнунда Аскер-аба күтөрүнүн күнүнө байланыштуу Панфилов паркында авиатехникалардын көргөзмөсүн өткөрдү. Авиатехникалардын көргөзмөсү борбоор шаардын тарыхында биринчи жолу жасалып, ага кызыккан адамдардын эбегейсиз өскөн. Көргөзмөгө Як-11, Як-18 сыяктуу самолеттор коюлуп, келген адамдарга алардын кабинасында отурууга уруксат берилген. Мындан тышкаары, маркасы көрсөтүлбөгөн согуш самолету көрөөрмандардын купулуна толгон.

Дене тарбия маданиятына арналган Биринчи республикалык майрам 1927-жылдын 24-июнунда Фрунзе шаарында салтанат менен ачылды. Майрам катышышуучулары жакынкы жана алыскы аралыкка чуркоо, бийикти жана узундукка секирүү сыяктуу жарыштарга катышышты. Администрациялык бирдиктерден куралган командалар болсо, футбол, баскетбол жана волейбол талаасында күчтөрүн сынашкан.

Шумдуктуудай кыйраткыч күчтөгү бороон 1927-жылдын 24-июнь күнү Чүй өрөөнүнө алаамат алып келди. Үйлөрдүн чатырлары учуп, бак-дарактар жыгылып, бакча маданиятын кирген алма-өрүктөр күбүлүп калган.
XS
SM
MD
LG