“Де-Факто” гезитин коргоо боюнча Оштогу комитеттин төрагасы Төлөн Дыйканбаев эркин басылманы сактап калуу максатында окурмандардан гана эмес президент Бакиевди колдогондордон да каражат топтоо зарылчылыгын белгилеп, болбосо азыркы бийлик жакпай калган маалымат каражаттарын акчалай айыпка жыгып, катарынан жаптырууга жол ачкандыгына:
- Эгерде Бакиевди колдогон адамдар болсо, анда “Де-фактону” колдош керек. Бул гезит жабылса анда эртең “Азаттык” жабылат. Мына “Де-факто” менен губернаторлорго, министрлерге, премьер-минстрге, акимдерге, мэрлерге жол ачып койду.
Ош мамлекеттик университетине караштуу “Нур” гезитинин редактору Керим Калыкуловдун пикиринде “Де-Фактого” доомат арткан тарап маселени сүйлөшүү аркылуу чечсе жарашмак. Басылманы сот аркылуу айыпка жыгуу же жаптыруу сөз эркиндигин чектеп, Кыргыз демократиясынын өнүгүшүнө да залакасын тийгизиши ыктымал:
- Балким башка жол менен маселени чечсе болмок. Чыккан сындын чын-төгүнүн такташтырып, эгерде туура эмес болгон болсо гезиттен кайра кечирим суратуу жолу менен өз маселелерин чечсе болот эле. Басылманы шак кокодон алып эле, сотко берип, жаптырганы бул кыргыз басма сөзүнө, сөз эркиндигине зыянын тийгизет, барып-барып демократиянын өнүгүшүнө дагы терс таасирин берет.
Маалымат майданында кыйла жыл жетекчилик кызматтарды аркалаган коомдук ишмер Абдывахап Мониев “Де-Факто” өлкөдөгү коомдук-саясий окуяларды калыс чагылдыргандыгы менен айырмаланып, оппозициялык күчтөрдүн трибунасына айлангандыгы үчүн бийликке жакпай калды деп эсептейт:
- Бүгүнкү күндө «Де-факто» гезити Кыргызстандагы коомдук-саясий окуяларды реалдуу чагылдырып, ошол эле кезде оппозициялык маанайдагы саясий күчтөргө орун кененирээк берип жаткан гезит мурдатан Акаев мезгилинен бери калыптанып калган, соттун сок билек аркылуу гезитти жабуунун бир аракетин көрүп жатыптыр деп бүтүм чыгарсак болот.
Ош шаарынын вице-мэри Мухидин Мамасадыков “Де-Факто” гезити шаар бийлигинин электр энергиясына карызы жөнүндө кышта жалган маалымат жайылтып, кыйла дүрбөлөёгө түшүргөндүгүн эске салып, бул гезиттин бүгүнкү тагдыры башка басылмаларга сабак болууга тийиш деген оюн билдирди:
- Туура эмес жазылып калды. Аны алдын ала такташ керек эле.