Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

ШКУнун МАДАНИЯТ МИНИСТРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ЖОЛУГУШАТ


Бүгүн жана эртең Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин маданият министрлеринин V жолугушуусу өтөт. Кечинде ШКУга кирген өлкөлөрдүн өнөрпоздору концерт тартуулап, иш-чара эртең Ысыккөлдө жыйынтыкталмакчы.

Кечээ Бишкекте Кытай Эл республикасынын маданият министри У Цай менен кыргыз республикасынын маданият министри Султан Раев жолугушуп, аңгемелешүүдө Султан Раев эки мамлекеттин маданият тармагындагы мамилелери өнүгүү жолунда экенин жана мындай өнүгүүгө өткөн жылда Кытай Эл республикасынын маданият күндөрүнүн Кыргызстанда өтүшү кыйла шарт түзгөнүн белгиледи. Ал эми бүгүн эртең Бишкекте өтүп жаткан жолугушууларда Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мындан аркы маданий алакалары айкындалмакчы:

- Маданий интеграция маселесин карайбыз. ШКУнун алдыда аткарылчу милдеттеринин иш-планын түзөбүз.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин маданият министрлеринин бүгүнкү жолугушуусунда каралчу маселелерге кыргыз маданият министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы Асан Токтогулов токтолду:

- Биринчиден былтыркы кеңешмеде коюлган маселелер кандай аткарылып жатат – ушулар каралат. Экинчиден ШКУ га кирген мамлекеттердин өлкөлөр аралык кезектеги саммити эми Тажикстанда өтөт. Ошого карата иш-пландар коюлмакчы.

Бүгүн мамлекеттик резиденцияда өтө турган ШКУ мамлекеттеринин маданият министрлеринин жолугушуусунан кийин журналисттер үчүн пресс-жыйын өтүп, кечинде ШКУга кирген өлкөлөрдүн артисттери катышкан “ШКУ мамлекеттеринин маданият кечтери” аттуу концерт болот. Кыргызстан тараптан бул концерттик кечеге 20 өнөрпос жана Чүй облустук оркестри катышмакчы. Эртең 25-июнда аталган бул иш-чара Ысыккөлдө уланат. Негизинен Ысыккөлдө Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн маданий жаатта алдыдагы иш-пландары каралат.

Ал эми ушул жылдын сентябрь айында Пекинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтмөкчү. Буга карата даярдыктар тууралу кыргыз маданият министрлигинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн жетекчиси Асан Токтогулов төмөнкүлөрдү маалымдады:

- Кыргызстандын Кытайда Пекинде өтчү маданият күндөрүнө чоң маани берилип, даярдыктар жакшы жүрүп жатат. Ошондой эле Пекинде ошол учурда Азия мамлекеттеринин фестивалы да болот экен. Ага да катышмакпыз, даярдыктар жаман эмес.
XS
SM
MD
LG