Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

МУНАЙЛУУ ӨЛКӨЛӨР ДЕМОКРАТИЯНЫ МУУНТУУДА


Эл аралык "Freedom House" уюму эски совет аймагынын кара майга бай өлкөлөрүн бул чөлкөмдөгү демократиялык жараяндарды артка тартып жатканы үчүн айыптады. Мындай айыптоо уюмдун жаңы жарыяланган жылдык докладында айтылат. Докладда өзгөчө Орусия, Азербайжан, Казакстан бөлүп көргөзүлгөн.

"Freedom Houseтун" 2008 –жыл үчүн "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" деп аталган отчетунда мурдагы коммунисттик блокко кирген он тогуз мамлекеттеги демократия, жарандык кооом, шайлоо жараяны, көз карандысыз маалымат каражаттары өңдүү жети нерсенин абалы бааланган.

Алсак анда Орусия эски совет аймагынын "эң башкы антидемократиялык күчү" деп аталат. "Freedom Houseтун" пикиринде, Орусиянын башкаруучу элитасы саясий чөйрөдө, шайлоо жараянында, маалымат каражаттарында кысымды мурдагыдан да күчөттү. Мындай жагдай расмий бийлик, өнөр-жай жана коопсуздук күчтөрүнүн ортосунан чыккан "үчкүлдүү темир чеңгээлдин" аркасында пайда болуп олтурат.

Отчетто көргөзүлгөндөй, мурдагы президент Владимир Путиндин тушунда Орусияда "авторитардык капитализм" сыналган эле. Ал президенттик тактыны өзүнүн кол менен тандалган мураскери Дмитрий Медведевге өткөрүп бере алды. Бирок ошол эле учурда Путин эми премьер- министр катары али да чоң саясий таасирин сактап калып жатканда, ал эксперимент кылган "авторитардык капитализм" ансыз жана өнүгүүнүн институционалдык пайдубалысыз кантип жашаар экен? "Freedom House" бул жаатта азырынча бир жактуу жооп айтуу кыйын экенин белгилейт.

Орусиядагы ички өзгөрүүлөр анын тышкы саясатынан да көрүнүүдө. "Freedom Houseтун" көз карашында, Москва айланадагы коңшуларына "күчкө салма жана өктөм" мамиле жасоого өттү.

Демократияга умтулган Грузия сындуу өлкөлөрдүн аракетин Кремль жикчил аймактарды колдоо, экономикалык эмбарго киргизүү аркылуу ырааттуулук менен жокко чыгарууда.

Орусиядагы авторитардык саясий моделди эски совет аймагынын башка өлкөлөрү да туурап жатышат. Отчетто Орусия сыяктуу эле кара майдын сатыгынан арбын киреше алып жаткан Казакстан менен Азербайжан бөлүп көргөзүлгөн. Аталган үч өлкө "Freedom Houseтун" пикиринде, акыркы он жылдыкта жарандык коомду, шайлоо жараянын, эркин маалымат каражаттарын, соттун көз карандысыздыгын кедергисинен гана кетирди. Уюмдун изилдөөлөр боюнча директору Кристофер Уолкер буларды айтат:

- Институтционалдык жоопкерчилик менен айкындуулуктун эң маанилүү чөйрөлөрүндө региондун мунайга бай башкы үч өлкөсү биздин баабызда ылдыйга ыктаган траекторияны көргөзүүдө. Булардын ар биринде биз массалык маалымат каражаттары, көз карандысыз жарандык коом, шайлоо жараяны, анын ичинде башкаруу өңдүү маанилүү институттардын баары туура эмес багытта кетип жатканын көрдүк.

"Freedom Houseтун" отчетунда ошондой эле энергияны импорттогон демократиялык өлкөлөр менен аны экспорттогон мамлекеттер ортосунда геосаясий ажырым тереңдеп жатканы, Батыш энергия саткан мамлекеттерде авторитаризм күчөгөнүнө карата бирдиктүү стратегия иштеп чыга электиги да айтылган.

Ал эми отчетто "демократиялык жактан жоопкерсиз" деп мүнөздөлгөн мамлекеттер "Freedom Houseтун" пикиринде, өзүнчө биримдик түзүп, ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдарга сокку урууда. ЕККУнун алкагындагы авторитардык өкмөттөр былтыр Кзакстанга 2010-жылкы төрагалыкты алып берүүгө жетише алышты. Муну менен Казакстан ЕККУну жетектөөчү биринчи демократиялык эмес өлкө болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG