Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

САЯСИЙ ТЕРРОР МУГАБЕНИ МУРАТЫНА ЖЕТКИРДИ


Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Зимбабве өкмөтүн оппозицияга каршы өткөрүп жаткан зомбулук өнөктүгү үчүн айыптады. Бир добуштан кабыл алынган билдирүүдө Зимбабведеги кыйгас куугунтуктардын шартында президенттик шайлоонун экинчи айлампасы адилет да, эркин да боло албай турганы айтылды.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 27-июнга белгиленген. Өткөн аптада өкмөтчүл күчтөр бүт өлкө боюнча оппозициянын тарапкерлерине кысым көрсөтүп, аларды коркутуп-үркүткөнгө, ачыктан-ачык куугунтуктаганга өтүштү. Айрым жерлерде активдүү ишмерлерге кол салышты. Ушундан улам оппозициянын лидери Морган Цвангираи дүйшөмбү күнү шайлоодон чыкканын жарыялады жана өзү баш калка сурап, Голландиянын элчилигине кайрылды.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө баш катчы Пан Ги Мун оппозиция лидеринин бул чечимин толук колдоду. “Адилет жана эркин шайлоо үчүн Зимбабведе азыр эч кандай мүмкүнчүлүк жок, - деп айтты баш катчы.- Бул жерде зобун-зомбулук өтө эле көп, коркутуп-үркүтүү өтө эле күч. Мындай шартта добуш берүү легитимдүү болбойт”.

Пан Ги Мун зимбабвелик бийликтерге шайлоонун экинчи айлампасын кийин, кырдаал толук жайына келген соң өткөрүүнү сунуш кылды. Коопсуздук Кеңеши да өз өкмөттөн репрессияларды токтотууну, камалган саясий лидерлерди бошотууну талап кылды.

Оппозициянын лидери Цвангираи президент Мугабени оппозициялык 86 активисттин көзүн тазалады деп айыптоодо. Жекшемби күнү Мугабенин куралдуу тарапкерлери Харареде митинг өткөргөнгө оппозицияга мүмкүндүк бербей, аларды кууп таркатты. Буга катарлаш демократиялык кыймылдын баш кеңсесинен 60тай кишини кармап кетишти.

Зимбабведеги кырдаалды Евросоюз да кескин айыптады. Еврокомиссиянын өкүлү Жон Клэнси эгер шайлоонун ушул жумага белгиленген айлампасы өткөрүлсө,анда азыркыдай кырдаалда легитимдүү натыйжа бербей турганын, буга баарыдан мурда бийликтер өздөрү шыкакчы болуп жатканын эскертти.

Зимбабвенин Улуттар Уюмундагы өкүлү мындай талаптарды четке какты. “Биздин конституцияда шайлоонун белгиленген мөөнөтүн өзгөртүү каралган эмес,андыктан ал ушул жума күнү болот”,- деп билдирди зимбабвелик элчи.

Президенттик шайлоо 29-мартта болгон. Оппозиция өз талапкери Цвангираи президент Мугабеден көп добуш алганын, аны биринчи турда эле утуп алганын ырастаган. Борбордук шайлоо комиссиясы талашты бир нече апта териштирип, чын эле оппозиция лидерин колдоп шайлоочулардын көбү добуш бергенин моюнга алган.Ошол эле учурда Цвангираи топтогон добуштардын саны баары бир аны жеңүүчү кылып жарыялаганга жетишсиздик кылат деп бүтүм чыгарган.

Роберт Мугабе эки жылы кем отуз жылдан бери бийликте турат. Бул мезгил ичинде ал өзүнө Африкадагы эле эмес, дегеле азыркы замандагы обурлуу диктаторлордун бири деген аброй ашырды.

XS
SM
MD
LG