Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:11

ХУ “БАЙКЕ” КӨБҮН КУБАНТТЫ, АЙРЫМДАРЫН ГАНА ӨКҮНТТҮ


Өткөн аптада Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао компартиянын органы “Жэнмин жибао” гезитинин редакциясында болду жана биринчи ирет интернет- конференция өткөрдү. Мындай иш он жылдай илгери КПКнын лидери үчүн осол жорук болмок. Бирок бул жолу жолдош Хунун интернет пайдаланган карапайым кытай жарандары менен жыйырма мүнөт түз байланышта пикир алышып, аларды кызыктырган суроолорго жооп бергени көпчүлүктү ыраазы кылды.

Кытайдын төрагасынан айына канча маяна аларын,коррупциянын кылтасы качан кыркыларын,интернеттеги кабарларды окур-окубасын сурашты. Бирөөсү атүгүл аны “Ху байке” деп айтсам кандай болот маанисинде жеке өтүнүч да менен кайрылды.

КПКнын лидери чолоосу жоктугунан күндө эле интернетте отура албасын айтып,бирок “Өлкөнү күчтөнтүү” деп аталган форумга кез-кезде кирип, бу сайттан ички жана тышкы жаңылыктардан кабардар болуп турарын моюнга алды. “Интернет аркылуу партиянын жана өкмөттүн иши тууралуу элде кандай сын-пикирлер,сунуштар бар экенин билип тургум келет”, - деп айтты баш катчы. Анын бул сөзүн иле калып, бирөөсү интернетте арыз-арманын айткандарга, даттангандарга Ху “байке” байкоо салар-салбасын сурады эле, төрага партия мындан ары да элдин пикирине кунт коюп мамиле жасай берет деп ишендирди.

Цзинтаонун кибер-конференциясын өткөн апта ичи Кытайдагы 220 миллиондуу интернет жамааты уулдап-дуулдап жабыла талкуулады. Көпчүлүгү кубанычын жашыра албай, айрым авторлор ал турсун түз байланыш учурунда абдан толкунданганынан “көздөрүнө мөлтүлдөп жаш толуп”, ”жүрөктөрү лакылдап согуп турганын” моюнга алышты. Мындай пикирлердин баарын “Жэнмин жибао” жаңы сандарынан орун аянбай, дембе-дем басып турду.

Ошол эле учурда Ху “байкенин” бул кадамын кыйды пиар катары баалагандар аз болсо да табылды. “Партия менен ырасмий маалымат каражаттары элден ушунчалык алыстап калганын сезип,актаныш үчүн ар кандай амалга бара баштады”,-деп жазышты андайлар.

Кытай интернет цензурасы жагынан дүйнөдө алдыңкы орунда турат. ”Бир катар сайттарды саксактап кайтарып,аларды катуу камалап турушканы таптакыр кабыл алгылыксыз иш экенин кытайлыктарга такай эскертип келебиз”,- деп билдирди Еврокомиссиянын маалымат жана басма сөз иштери боюнча атайын өкүлү Вивиане Рединг.

Кытайдын өзүндөгү көз карандысыз интернет басылмалардын бири жакында эле өкмөттү жада калса Олимпиадага байланышкан сайттарды да кыл чыпкадан өткөрүп, кылдат көзөмөлгө ала баштаганы үчүн айыптады. Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлү Кеван Госпер быйыл апрелде эле эң чоң камтамачылык – жайкы оюндар маалында Кытайда маалымат каражаттары ачык болобу-жокпу, ушул маселеде жатканын айткан эле.

Деген менен кытайлык лидердин биринчи ирет кибермейкиндикке чыкканын жакшы жөрөлгөгө жоругандар арбыды. Айрымдары бул тажрыйба улантылса, бийлик менен элдин арасындагы ажырым кыскарат эле дешет. Экинчи бирөөлөрү болсо илгерки императорлор дербиш болуп эл кыдырышканын эске салып, азыркы заманда өлкөдөгү реалдуу кырдаалды билүү үчүн лидерлер интернетке таянышы керектигин эскертишти.

XS
SM
MD
LG