Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:59

МУГАБЕ ТЫШ ӨЛКӨЛӨРДҮН ТАЛАБЫН ЧЕТКЕ КАГУУДА


Амирбек Усманов, Прага Зимбабведе 27-июнда болчу президенттик шайлоонун экинчи айлампасын кийин өткөрүүгө чакырган дүйнө лидерлеринин саны көбөйүүдө. Оппозиция лидери Морган Цвангираи өзүнүн жана тарапкерлеринин өмүрүнө болгон коркунучтан уалам шайлоого катышуудан баш тарткан. Ага карабай президент Роберт Мугабе шайлоо өлкөнүн ички иши экенин, маанилүү саясый өнөктүк жума күнү өтөрүн айтты. Мурдараак БУУнун оопсуздук Кеңеши Зимбабве бийликтери жүргүзгөн өкүмзордуктан улам шайлоо калыс жана эркин өтпөйт деген тыянакка келген.

Президент Роберт Мугабе 24- июнда байтак шаар Харарреде чоң жыйында сүйлөп, шайлоо өнөктүгү- Зимбабвенин ички иши экенин, саясый өнөктүк мурда мерчемделгендей жума күнү өткөрүлөрүн билдирди:

- Биз өзүбүздүн шайлоону өткөрөбүз. Бул биздин чечимибиз. Бшка бирөөлөр эмне каалаганын айта берсин: шайлоо биздики, биз күнкорсуз мамлекетпиз.

Мурдараак БУУнун Коопсуздук Кеңеши да бир добуштан Зимбабве өкмөтү опозиция тарапкерлерин куугунтуктап жаткан шартта калыс жана эркин шайлоо өтпөйт деген бүтүм чыгарып, өнөктүктү токтото турууну талап кылган.

Австралия, АКШ, Британия болсо Зимбабведеги саясый кризисти токтотуу үчүн Мугабени президенттик кетүүгө чакырышкан.

Шейшемби күнү Сенегалдын президенти Абдулай Вар жана Түштүк Африка Республикасындагы башкаруучу партиянын лидери Жейкоб Зума Зимбабведе кырдаал жөндөлмөйүнчө, шайлоону токтото турууга, Мугабени бийликтен кетүү жөнүндөгү үндөөлөрдү колдоп чыгышты.

Бирок, 84 жаштагы Роберт Мугабе тыш өлкөлөрдүн шайлоону кийинге калтыруу жөнүндөгү талабы аны токтото албасын шейшемби күнү кайра кайталады:

- Алар Вашингтон же Лондонду туурап, же ар бурчтан үнүнүн барынча кыйкыра беришсин. Шайлоону качан өткөрүүнү башка бирөөлөр эмес, биздин эл, биздин эл, жалгыз биздин эл чечет.

Роберт Мугабе шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Оппозиция лидери Морган Цвангираи өзүнүн жана тарапкерлеринин өмүрүнө болгон коркунучтан улам президенттик шайлоонун 27- июнда болчу экинчи айлампасына катышуудан баш тартты. Ал ушу тапта Нидерландиянын Хараридеги элчиканасында баш калкалап отурат.

Зимбаведеги жагдай Түштүк Африка өнүгүү уюмунуна мүчө 15 өлкөнүн башчыларынын шаршемби күнү Свазилендде өтчү жыйынында талкууланат. Бул жыйынга Түштүк Африканын президенти Табо Мбеки катышуудан баш тартты. Мбеки буга дейре Мугабени ачык сындаган эмес.

XS
SM
MD
LG