Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:36

ИЗРАИЛ-ХАМАС КЕЛИШИМИ СЫНОО АЛДЫНДА


Израил палестиндердин Газа секторун көзөмөлдөгөн Хамас уюму менен жарашуу жөнүндө убактылуу келишимге жетишкен эле. Бирок андан бир апта өтүп -өтпөй эле ошол келишимдин сакталышына коркунуч туудурган көрүнүштөр орун алууда. Газа секторунан Израилди көздөй кайрадан ракета атылып, жөөт армиясы бул аймактагы өткөөл бекеттердин үчөөсүн жаап салды.

Израил жөөт мамлекетинин жашоого укугун таануудан баш тартып келе жаткан Хамас менен ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууга Египеттин ортомчулугу астында бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдүн аракасында жетишкен эле. Азырынча алты айлык мөөнөткө эсептелген жана узартуу мүмкүнчүлгү каралган келишим 19-июндун таңынан тарта күчүнө кирген. Келишим эки тарап үчүн тең пайдалуу болчу.

Америкалык "Вашингтон Пост" басылмасы жазгандай, Израил мында өлкөнүн түштүк аймактары хамасчылар тарабынан колго жасалган ракеталар менен дээрлик күн сайын аткылануусун токтотууну, Хамас болсо Израил Газа секторуна киргизген экономикалык блокададан арылууну жана күчүн топтоп, Израилдин келечекте да чегинүүлөргө барышына жетишүүнү көздөгөн.

Келишимдин шарттары боюнча Израил 1,4 миллион адам жашаган Газа секторундагы блокаданы акырындык менен жоймок. Расмий Тель- Авив макулдашуунун шарттары кандай сакталары маанилүү экенин, эгер ал бузулса Газада кеңири масштабда аскерий операция өткөрүүгө даярданууну улантарын эскерткен болчу. Эми ошол келишим күчүнө киргенден алты күн өткөн соң эле Газа секторунан Израилдин түштүгүнө алгачкы эки ракета атылды, бирок эл арасында чыгым болгон жок. Палестиндердин аткылоо үчүн жоопкерчилик алган Исламчыл Жихад уюму муну менен Израил армиясы ушул шейшембиде Иордандын Батыш жээгиндеги Наблус шаарында өткөргөн аскерий операцияга жооп беришкенин билдирди.

Рейд учурунда эки адам, анын ичинде Исламчыл Жихаддын бир согушкери мерт болгон. Израил менен Хамас ортосундагы келишим Газа секторуна гана тиешелүү болгондуктан, жөөт аскерлеринин да, палестин согушкерлеринин да башка аймактардан курал колдонуусун чектебейт. Хамастын расмий өкүлдөрүнүн бири Саби Абу Зухри Рейтердин кабарчысы менен маегинде ракета атылышы үчүн жоопкерчиликти Израилге жүктөдү:

- Проблема Израилдин провакциясы экендигинде. Биз Хамаста палестиналык күчтөрдүн баарын кол коюлган тынчтык келишимин сактоого чакырып жатабыз. Хамас муну улантат жана тынчтыкты сактоо үчүн башка бирикмелер менен сүйлөшүүлөрдө бул маселеге кайрылат.

Ал эми эми Израил өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Давид Бейкердин айтымында, Газа секторунан кандай ракета атылбасын ал жарашуу жөнүндөгү макулдашууну "олуттуу бузгандык".

Израил ракета атылышына аскерий чара аркылуу жооп кылбаганы менен шаршембиде Газа секторундагы үч өткөөл бекетти жаап салды. Ал өткөөлдөр аркылуу Газага эл керектөөчү товарлар ташылчы.

Кокус ракеталык аткылоолор дагы кайталанса, утурмдук болсо да жетишилген тынчтык келишиминин келечегинен күмөн санатары шексиз.

Палестин өкмөт башчысы Салам Фаяддын Берлинде, Палестинадагы коопсуздук маселеси боюнча өткөн эл аралык конференцияда айтканына караганда, ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун сакталышы өтө маанилүү. Ал ошондой эле Израилди Батыш жээктеги аскерий саясатын өзгөртүүгө чакырды. Палестин өкмөт башчысынын ырастоосунда, Израил армиясы бул аймакта рейд өткөрүүнү улантып жатканынын "такыр жүйөөсү" жок.

Ал эми жөөт тышкы иштер министри Ципи Ливни конференцияда буларга токтолду:

- Мен болочоктогу Палестин мамлекетинин чек арасын аныктап коюу эле жетишсиз экенин айтып кетүүнү эп көрүп турам. Ачкычтарды палестиналыктарга өткөрүп берүү үчүн же өткөрүп берип жатып, биз коңшубуз террорчул же иши оңунан чыкпай калган мамлекет эмес, тынчтык үчүн жоопкерчиликтүү өнөктөш экенин билишибиз абзел.

Берлиндеги конференцияда донорлор Палестинанын коопсуздук күчтөрүн реформалап, машыктыруу жана сот системасын жакшыртуу үчүн 242 миллион доллар каражат ажыратууну убада кылышты. Бул акча - былтыр декабрда Париждеги конференцияда убада кылынган 7,7 миллиард доллар каражаттын бир бөлүгү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG