Билл Клинтон сенатор Барак Обаманы колдой турганын өз жардамчысы аркылуу айттырды. Обама менен ал көптөн бери сүйлөшпөй калган дешет. Экс-президент партиялык ички шайлоо маалында Обаманын ирак согушуна байланыштуу позицияларын “жомок” деп атаган жана аны калктын расалык бүйүрүн козутуп жатканы үчүн айыптаган. Ушул айдын башында жубайы Хиллари партиялык жарыштан чыккан соң Клинтон бул темада дегеле үн катпай калган. Өткөн жекшембидеги жыйындардын биринде эле журналисттер Обаманы колдоор-колдобосун сурашканда Клинтон бул соболго жооп бербей койгон.
Шейшемби күнү Клинтондун ырасмий өкүлү Мэтт Маккенна экс-президент өз партиясынын талапкерин колдоого алууну чечкенин ырастады. “Сенатор Обама АКШнын эмдиги президенти болуп калышы үчүн Билл Клинтон колунан келген бардык жардамын көрсөткөнгө даяр”, - деп айтты Маккенна.
Обаманын лагериндегилер экс-президенттин бул чечимин куттуктап кабыл алышты. Анын үстүнө ушул жума күнү Обама менен Хиллари Клинтон биргелешип шайлоочулар жыйынын өткөргөнү жатат. Ага Билл Клинтон катышпайт, азыр ал Нелсон Манделанын токсон жылдык мааракесин белгилеп, Европада жүрөт.
Мындан эки аптадай мурда Обаманы мурдагы вице-президент,өткөн жылы Нобелдин сыйлыгын алган Алберт Гор да ырасмий түрдө колдоп чыккан эле. Мунун жүйөөсүн ал соңку сегиз жыл ичинде АКШда жумушчу орундар кыскарып, айлык акылар төмөндөп, конституцияга этибар берилбей,атүгүл көз көрүнөө мазакталып, тышкы саясатта өлкөнүн тарыхында боло элек өтө жаман каталыктар кетирилгени менен түшүндүрүп, ушунун баары өзгөрүүлөрдү талап кыларын белгилеген эле.
Коомдук пикирди изилдеген бир катар кызматтар өткөргөн соңку сурамжылоолордо республикачыл партиянын президенттикке талапкери Жон Маккейнге караганда Обаманы шайлоочулар арасында колдогондор көп экени аныкталды. Newsweek журналы жарыялаган көрсөткүчтөрдө, мисалы, суралгандар ичинде Обаманы жактагандар - 46, анын атаандашына артыкчылык бергендер 40 процентти түзгөн. Gallup тобунун изилдөөсүндө Обама тараптагылар – 46, Маккейн жактагылар – 44 процент болгон. Эң негизгиси – америкалыктардын 55 проценттен ашыгы ушу тушта өздөрүн демократ же демократиялык партиянын жактоочусу деп эсептейт экен. Республикачыларга медилин салгандар болсо 36 процентке барабар.
Америкалык байкоочулардын көпчүлүгү коомдук пикирдин мындай көрсөткүчтөрү Обамага автоматтык түрдө саясий оомат алып бербейт, Маккейнди утуп алуу үчүн ага Билл Клинтон сыяктуу абройлуу ысымдардын тарапкерлерин өз тарабына тартканга туура келет дешет.