Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

ЕВРОПА БИРИМДИГИ МЕНЕН ОРУСИЯ ШЕРИКТЕШТИК КЕЛИШИМИН ТАЛКУУЛАШАТ


26-июнда Еврошаркеттин лидерлери Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев менен алгачкы жолу жолугушушат. Атап айтканда, Сибирдеги Ханты-Мансийск шаарында стратегиялык шериктештик келишими боюнча сүйлөшүүлөр өтмөкчү. Медведев Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо менен биримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солананы кабыл алат.

Күн тартибине эң биринчи кезекте энергия жана коопсуздук маселелери камтылган. Шаркет Орусия эбегейсиз мунай жана газ байлыктарын коңшуларына кысым көргөзүү механизи катары колдонбойт деген кепилдиктерди каалайт. Жакында Киев менен Москва ортосунда газдын баасы боюнча орун алган талаш европалык кардарларга да терс таасир тийгизген. Европа биримдиги газдын төрттөн бир бөлүгүн Орусиядан алып турат.

- Еврошаркет Орусиядан энергияны жеткирүү чөйрөсүндө көбүрөөк кепилдик алгысы келет. Биримдик өзүнүн энергия коопсуздугуна тынчсызданат. Энергия маселеси шаркет менен Орусия ортосунда бир топ талаш жаратып келген, -
деген пикирде Хэритэйж фондунун Москва бюросунун директору Евгений Волк.

Москва болсо энергия рыногундагы күчтүү турумун өз кызыкчылыгында пайдалангысы келет,- деп улантат өз оюн аналитик:

- Орусия азыркы жагымдуу шарттан пайдаланып, Европадагы экономикалык таасирин кеңейткиси келет жана энергия тармагындагы инфраструктуралык долбоорлор, газ куурлары, мунай тазалоочу ишканалар өңдүү кирешелүү активдерге ээ болгусу келет.

Бирок апта башында берген интервьюсунда президент Медведев бул сүйлөшүүлөрдө майда-чүйдө деталдарга токтолгусу келбей турганын айткан.

- Бул – олуттуу документ болууга тийиш. Анда конкреттүү деталдар эмес, жылдарга белгиленген өнүгүү багыттары чагылдырылууга тийиш.
Бул – юридикалык жана уюштуруу жагынан алганда саммиттин приоритети
.

Владимир Путиндин тушунда шаркет менен Москванын мамилелери сууй түшкөн эле. Путин Грузия менен Украинанын европалык институттарга кабыл алынышына каршы экенин жашырчу эмес.
Евгений Волк Медведевдин мамилеси башкачараак болгону менен, жалпы саясат өзгөрдү деп ишенбейт:

- Чынын айтсам, Орусиянын Еврошаркетке карата саясаты өзгөргөнүн байкаган жокмун. Ооба, балким, Медвевдин реторикасы Путиндикинен айырмаланат. Ал жумшагыраак сөздөрдү тандайт. Бирок саясат ошол эле бойдон калды.

Анын аралыгында, Хьюман Райтс Уоч укук коргоо уюму биримдиктин лидерлерине кайрылып, Москвага кысым көргөзүүгө үндөдү. Уюм Чеченстандагы мыйзам бузууларды, жарандык коомду ооздуктоо аракеттерин мисал катары келтирет. Путин бийликте турган 8 жылдын ичинде өкмөттүн бир катар сынчылары камакка алынган, айрымдары өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон же ар кыл жагдайда каза тапкан. Негизги 3 телеканалды болсо Кремль же өкмөткө жакын уюмдар көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG