Сүйлөшүүлөргө катышкан ырасмий адамдардын айтымында, ядролук изилдөөлөрү баяндалган документти Пхеньян Пекиндин өкүлүнө өткөрүп берет шекилди. Бирок Кытайдын тышкы иштер министри мунун анык-төгүнү тууралуу али кабардар эместигин бышыктады.
Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө былтыр жетишилген макулдашууда Пхеньян атом чөйрөсүндөгү бардык иштерин токтотконго жана ага байланышкан жашыруун маалыматтарын ачыкка чыгарганга милдеттенген. Эгер бул шарт аткарылса, АКШ Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен алып саларын айткан эле. Мындан тышкары беш өлкө - АКШ менен Түштүк Корея, Кытай, Россия жана Япония биргелешип Пхеньянга экономикалык жактан жардам көрсөткөнгө сөз беришкен.
Пхеньяндын жана Тегерандын ядролук программаларын бүгүн Киотодо “чоң сегиздин” тышкы иштер министрлери да талкуулашты.АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жолугушуу ачылар алдында Пхеньянда “жакынкы сааттарда” жагдайдын жакшы жагына өзгөргөнүн ырастаган окуя болгону жатканын кабарлады. Ал эми япон өкмөтүнүн баш катчысы Нобутака Мачимура баары бул маалымат канчалык ырасталат, ошого жараша болорун белгиледи. “Документ менен кылдат таанышып чыкканга туура келет,- деп айтты ал. Бирок бу кандай болгон күндө да башкы максатка – ядролук куралды жок кылууга жетишүүдөгү кадам болмокчу”. Япония алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн толук укуктуу катышуучусу катары процессти мындан ары бекемдөө багытында колдон келгендин баарын жасамакчы.
Кытайлык белгилүү эксперттердин бири Ши Янгонг бүгүнкү кадам менен Түндүк Кореянын ядролук проблемасы толук чечилип калбай турганын эскертти. Ошол эле учурда ал Пхеньян өзүнүн жашыруун маалыматтарын ачыкка чыгарганы жатканын туура кадам деп баалап, анын арты келечекте ийгиликке алып келерине ишенич билдирди.
Бул учурда Пхеньян 27-июнда Енбендеги ядролук реакторду муздатуучу станцияны бузуу ишин баштаганы жатканын жана ага АКШнын атайын өкүлү, ошондой эле чет элдик журналисттер катыша аларын маалымдады.