Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:08

ВАТИКАН МЕНЕН МИНСКИНИН ДОСТУГУ КАНЧАЛЫК АЛЫС КЕТЕ АЛАТ?


Өткөн аптада Беларуста Ватикандын Мамлекеттик катчысы, кардинал Таркисио Бертоне беш күндүк визит менен болду. Ватикандын экинчи адамын Минскиде президент Александр Лукашенко өзү кабыл алып, Рим папасы Бенендикт XVIны Беларуска өзү үчүн "оңтойлуу учурда" келип кетүүгө чакырды. Кардинал Таркисио Бертоне да беларус бийликтеринин дарегине жылуу сөздөрүн аяган жок. Бул чын эле эки ортодогу нукура достуктун белгисиби?

Расмий маалыматка караганда, беларусиялыктардын 80%ы проваслав чиркөөсүнүн жолун жолдоочулар. Өлкөнүн 9,7 миллион калкынын бейрасмий эсептөөлөр боюнча эң көп дегенде 1,5 миллиону гана католиктер. Алардын ичинде 400 миңдей этникалык поляктар да бар. Католик чиркөөсүнүн Беларуста кайра жарала баштоосу 1990-жылдардын башына туура келет. Учурда өлкө боюнча 40 жакын католик чиркөөсү курулуу үстүндө. 1989-жылы католиктердин бир эле епархиясы болсо, азыр алардын саны төрткө жетти. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан дин адистерин даярдоо үчүн эки семинария иштөөдө.

Андыктан Ватикандагы экинчи адамдын Беларус "Европанын акыркы диктаторунун" башкаруусунда деп эсептелгенине карабай, бул өлкөдө беш күндүк сапарда болушунуна негиз бардай. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Беларус боюнча аналитиги Ян Максимук бул визиттин расмий Минск үчүн маанилүүлүгүн эки нерсеге байланыштырат:

- Биринчиси мамлекеттик жогорку даражалуу расмий адамдар Минскиге келген учурлар өтө эле сейрек болуп калган. Иш жүзүндө президент Александр Лукашенко 1996-жылдын ноябрында, көз көрүнө эле бурмаланган конститициялык референдум ага мамлекетти жалгыз бийлөө мүмкүндүгүн бергенден бери Европанын бир да расмий адамын тосо алган эмес, Батыштын бир да өлкөсүнө расмий визит менен барган эмес.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аналитиги Ян Максимук кошумчалагандай, бул визиттин экинчи өзгөчөлүгү кардинал Бертоне менен жолугушууда, президент Лукашенко Рим папасы Бенендикт XVIны Беларуска өзү үчүн "оңтойлуу учурда" келип кетүүгө чакырганы. Чакыруу акыр-аягында символикалуу гана кадам болушу мүмкүн, бирок ошол эле кезде Лукашенко кардиналдын визити учурунда Беларус менен Ватикандын мамилесинин эсебинен өзүнүн саясий беделин көтөрүүнү көздөгөнү анык.

Кардиналдын визитине болсо беларус тарап абдан жакшы даярданган. Таркисио Бертоне Минскидеги собордо диний жөрөлгө өткөрүп, беларус башкааласында 1910 -жылдан бери туңгуч ирээт курулуучу католик чиркөөсүнө ак батасын берди. Минскиден башка дагы эки шаарда болуп, католик епископтору менен жолукту. Мындан сырткары кардиналдын визитин утурлай католик чиркөөсүнүн Витебск облусундагы бөлүмү Рим папасы Бенендикт XVIга эстелик ачышкан. Маалыматтарга караганда, бул - азыркы папанын дүйнөдөгү алгачкы эстелиги.

Ватикандын экинчи адамы өз тарабынан беларус өкмөтүнө "дин эркиндигин камсыздап" жатканына ыраазычылык билдирди. Ватикан менен Минскинин кызматташтыгынын келечеги жакшы экенин кошумчалады. Беларус башкааласындагы пресс-конференцияда ал ошондой эле "Кубага, башка мамлекеттерге, анын ичинде Беларуска каршы санкциялар ылайыксыз экенин, анткени мындан адамдар жабыр тартарын ар убак айтып келгенине" токтолду.

А эми ушул визит учурунда жасалган чакырууну Рим папасы чын эле кабыл алабы? "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун аналитиги Ян Максимуктун көз карашында, Беларус проваслав чиркөөсүнүн Экзархаты Орус проваслав чиркөөсүнүн юрисдикциясы алдында экенин эске алганда, бул арсар болуп турат. Эгер чакыруу кабыл алынбаса, беларус лидери муну Москва менен Ватикандын ортосундагы кыйгылт мамилеге шылтап сала алат.

Кардинал Таркисио Бертоненин беларус бийликтеринин дарегине айткан мактоо сөздөрүн чечмелегенде болсо, аналитик Ян Максимук белгилегендей, элдик даанышмандыкты эстөө керек. Жөнөкөй адам саясатын жакындап калган шайлоолорго негиздесе, Ватикан саясатын алдыдагы жүз жылдыктарга пландайт. Ушул чен -өлчөмдөн эсептегенде, президент Лукашенконун демократиялык эмес жүрүм–туруму көңүл бурууга арзыйбы?
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG