Быйыл апрелде Кабулда оогандардын улуттук майрамы – можахеттер күнүнө арналып аскерий парад өткөрүлгөн эле. Трибунада президент Карзай, министрлер, чет элдик дипломаттар турушкан. Бир оокумда белгисиз бирөөлөр аларга автоматтан ок жабылтып, миномет менен да эки-үч курдай аткылап жиберишкен. Кудай сактап, Карзай соо калган, үч адам мерт кетип, дагы жоон топ киши жарадар болгон.
Эки ай бою бул окуянын чоо-жайын териштирип, террорчулардын изин иликтеп отуруп, ооган өкмөтүнүн чалгындоо мекемеси акыры өткөн шаршемби күнү өзүнүн тыянагын коомчулукка жарыялады. “Күбө-таныктар менен документтердин баары, ошондой эле окуя болор замат кармалган адамдардын көрсөтмөлөрү ырастап тургандай, бул иштин башкы уюштуруучусу Пакистандын атайын кызматтары болгон”, - деп билдирди Кабулдагы маалымат жыйынында чалгындоо мекемесинин өкүлү Саид Ансари.
Ансаринин айтымында, террорчулар президент Карзайга кол салардын жуп алдында эле Пакистандагы адамдарга телефон чалып, операция тууралуу сүйлөшүп, кеңеш алышкан. Алардын телефондогу сөздөрү чечмеленди, он алтыдай айыпкер да муну ырастап көрсөтмө беришти. Иши кылып, бул ишке Пакистандын атайын кызматтары тикелей катышканында эч кандай шек калган жок, деп ырастады Ансари.
Ансаринин бул сөздөрүн Пакистандын коргоо министри Чодхри Ахмад Мухтар ачуулана четке какты. Кабул өкмөтү өзүнүн алсыздыгын коңшуларды куру айыптоо менен актаганга көнүп алганын айтып, апрелдеги окуяга Пакистандын эч кандай тиешеси жоктугун билдирди. Тескерисинче, министрдин болжолунда, бу, балким, эмдиги жылдагы шайлоодо кайра бийликте калганы Карзай өзү ойлоп тапкан оюн болушу да ыктымал.
Карзайга буга чейин да эки ирет кол салышкан. 2004-жылы сентябрда ал учуп бараткан тикучмага аз жерден ракета тийбей калган. 2001-жылы болсо жергиликтүү бир полицмен Карзайдын машинесин аткылап, бейжазык бир нече жүргүнчүнү жарадар кылган. Ошондон кийин Карзайдын жан сакчылары алмаштырылып, аны америкалык атайын кызматтардын кишилери кайтарып калышкан.