Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

ПХЕНЬЯНДЫН НИЕТИНЕ ВАШИНГТОН АЗЫРЫНЧА ИШЕНЕ БЕРБЕЙТ


Түндүк Корея өзүнүн ядролук изилдөөлөрүнө байланышкан жашыруун маалыматтарды алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төрагасына өткөрүп берди. Муну Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги ырастады. Бул кадамды АКШ кубаттады, бирок Пхеньяндын ниетине азырынча анчейин ишенич жоктугун эскертти.

Пхеньян өз отчетун былтыр жыл этегинде жарыялаганга сөз берген. Мунун эсесине алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү арачы беш өлкө - АКШ, Түштүк Корея, Кытай, Россия жана Япония биргелешип Пхеньянга экономикалык жактан жардам көрсөтмөк болушкан. Бирок жардамдардын өлчөмүнөн талаш чыгып, бул иш жарым жыл кечеңдеп барып жасалды.

Алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төрагасы Кытайга кечээ өткөрүлүп берилген отчетто Түндүк Кореянын атомдук ишканаларынын тизмеси, уран байытуу жагынан колдонулган усулдары жана башка жашыруун маалыматтар камтылган. Эми алардын баарын эл аралык эксперттер текшерип чыгышат.

Бул кабарды АКШ президенти Буш негизинен кубаттап кабыл алды. Бирок муну көп тараптуу процесстеги биринчи гана кадам деп баалады. Вашингтон Пхеньянга каршы киргизген негизги соода санкцияларын жакынкы кырк беш күндүн ичинде алып салышы ыктымал. Буга кошо аны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен да чыгарышы мүмкүн. Ошол эле учурда “адам укуктарын бузганы, 2006-жылы ядролук сыноолорду өткөргөнү жана атомдук куралдарды таркатууга катышканы үчүн Түндүк Кореяга киргизилген санкциялар Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жазаналарындай эле күчүндө калат”,- деп айтты Буш.

Бир катар байкоочулар Пхеньян өз отчетунда ядролук программасына тиешелүү маалыматтардын баарын эле түгөл жазып бербесе керек деп болжолдошот. Буга байланыштуу Буш алдыдагы 45 күн Түндүк Корея үчүн маанилүү мөөнөт болорун, анын чын ыкыластан кызматташуу ниетин алты тараптуу сүйлөшүүлөргө катышкан өлкөлөр текшерип чыгарын, Вашингтон болсо Пхеньяндын бардык аракеттерин агылгалап байкап турарын эскертти.

XS
SM
MD
LG