Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

10:30 А.Абдрасулова: “Кыргызстан адвокат институтун чукул өнүктүрүүгө муктаж”


“Кылым шамы” укук коргоо уюму кыйноолорду болтурбоо боюнча Ысык-Көл облусунун ички иштер бөлүмдөрүндө өткөргөн тренингден кийин мына ушундай жыйынтыкка келди. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шектелген адамдарды убактылуу кармоо абактарындагы жарандардын жактоочунун кызматын пайдалануу укугу унутта калып, дээрлик 90-95 пайызынын иши адвокатсыз тергелет. Алар жаран катары өз укуктарын пайдаланууга шарттын жоктугунан улам коюлган айыпты басымдын алдында моюнга алууга мажбур болгон учурлар арбын.(BD)

XS
SM
MD
LG