Жергиликтүү калктын айтымында, үстүбүздөшгү жылдын 8-майында Ош шаарындагы Тээке кыштагынын 15 жаштагы тургундары Мухамбет Рахманов, Гүлжигит Баймурзаев Коргоо министрлигинин түштүк аскер тобуна караштуу окуу-машыгуу борборунун аймагында мал кайтарып жүрүп, чуңкурдан согуштук снаряд таап алышкан. Аны Рахмановдун үйүнө алып келип ойноп жатышканда, күтүүсүздөн жарылып кеткен. Натыйжада 8-класстын эки окуучусу жеринде мертинген. Рахмановдун апасы Жыргал ооруканада каза болуп, атасы Абдумиталдын акыбалы дале оор бойдон калууда.
Каргашалуу окуя тууралуу Рахмановдун коңшусу Басикан Коңушева мындайча ыйлап айтып берди:
- Эки баланын тең денеси эт майдалагыч машинага салгандай бырчаланып кеткен. Көрсөңөр силер дагы ыйлайт элеңер...
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков Коргоо министрлигинин түштүк аскер тобуна караштуу окуу-машыгуу борборунун башчысы Исмаилжан Махаматалиев жогорудагы окуяга байланыштуу камалгандыгын билдирип, анан буларды кошумчалады.
- Аталган полигон жетекчиси Исмаилжан Махаматалиевди сот камоого санкция бергендигинин себеби, анын үстүнөн Кылмыш-жаза Кодексинин 244 жана 316-беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 27 жаштагы капитан кызматтык милдетине шалаакы мамиле жасап, бир нече адамды өлүмгө дуушарланткан деп айыпталууда.
Тээке айылынын тургуну, маркумдардын тууганы Азам Рахмановду кепке тартканыбызда, кыскача буларга токтолду:
- Кыргыз аскерлери полигондун чеке-белинде жашагандарга эч кандай эскертүү жасабастан курал атып жатышат. Полигондун аймагына кирүү зыян экендиги туурасында эл арасында түшүндүрүү иштери таптакыр жүргүзүлбөйт. Мына, кечээ балдар айтышты, талаадан дагы жарылбаган снаряд табылыптыр. Эми дагы кайсыл шору жок кырсыкка кабылат деп коркуп олтурабыз.
Коргоо министрлигинин түштүк аскер тобунун башчысы Абибилла Кудайбердиевге учурасак, полигон башчысы Исмаилжан Махаматалиевге байланышкан кылмыш ишин комментарийлөөдөн караманча баш тартканы менен өзүнүн оюн мындайча билдирди:
- Баардыгы эле бизден көрүп жатышат. Андай эмес. Тээкеде биздин коргоо министрлигинин, чегара кызматынын полигондору бар. Андан тышкары Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн полигону да ушул жерде жайланышкан. Эске сала кетчү жагдай: ар бир снаряддын заводдо басылган номуру бар. Биз өзүбүздүкүн салыштыруу максатында аттырып көрсөк, жанагы балдар жарылган снаряд бизге таандык эместиги аныкталды. Коргоо министрлигинин кампаларында андай номурлуу снаряд катталбаптыр.
Мурдараак маалымат каражаттары билдиргендей 2006-жылы ушул аскердик полигондон табылган снаряд жарылып, 5-класстын окуучусу каза болгон.