Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

ПАКИСТАН: ПЕШАВАРДЫ ТАЛИПТЕРДЕН БОШОТУУ ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Пакистандын Пешавар шаарынын түндүк-батышындагы Ооганстанга чектеш Хайбер аймагы - талип жоочулары үчүн стратегиялык мааниге ээ аймак болуп эсептелет. Ишембиде Пакистандын аскерлери аталган аймакта талиптерге каршы аскерий операцияны баштады. Буга чейин бир нече ай бою талиптер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү аракетинен эч майнап чыккан эмес.

Пакистандын баштан-аяк куралданган болжол менен беш миңдей жоокери Пешавардан 15 чакырым алыстыкта жайгашкан Хайбер ооданындагы Бара шаарчасына карай жүрүшкө чыкты.

Аскерий операция стратегиялык мааниге ээ болгон Пешавардын аймагында талиптердин күн санап өсүп жаткан таасирин токтотуу максатын көздөйт. Мындан сырткары Пешавардагы аскердик чара Ооганстан жана Пакистандагы “ал-Каида” жана талип жоочуларына каршы сокку урууда чоң рол ойнойт. Маалым болгондой, Пешавар шаарында үч миллионго жакын адам жашайт жана аймактын айрым уруу төбөлдөрү талиптерге колдоо көрсөтүп келишет.

Ижаз Хан Пешавар университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору. Ал “Азаттык” үналгысына буларды айтты:

-Эгерде Пешавар талиптерге моюн сунуп берсе, анда бардык Түндүк-батыш чегара вилайети дагы анын жолун жолдойт. Мындай учурда чыгыштагы Пенжаб вилайетинин күнү дагы саналуу болуп калат. Мындай ыктымалды четке кагуу туура эмес болоор. Себеби бул окуя жалпы кырдаалды татаалдаштырат.

Айрым серепчилердин баамында, Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн бул аскердик өнөктүгү убактылуу мүнөзгө ээ жана көп деле олуттуу натыйжа алып келбейт. Азырынча, талиптер тарабынан Пакистан армиясына өтө деле көп каршылык көрсөтүү болгон жок. Себеби көп жылдан бери талип жоочулары “Лашкер-и-Ислам” сыяктуу ар кыл топторго жиктелип алып, алардын арасында уруу аралык араздашуу күч алып келүүдө.

Анын аралыгында, Пакистандын куралдуу күчтөрү Бар Камбархел кыштагында террордук топ болгон “Ар-намыс” кыймылынын лидерлеринин бири Нажи Намдардын үйүн талкалап, анда алты адам өлтүрүлгөн. Кабарларга ылайык, Нажи Намдардын тобу НАТО аскерлерине кол салган деп шектелген араб жана борборазиялык жоочуларды коргоп келген.

Ишемби күнү, 28-июнда Пакистандын куралдуу күчтөрү Бара шаарчасында “Лашкар-и-Ислам” тобунун лидери Мангал Багдын үйүн талкалаган болчу. Анын эртеси “Ансар Ислам” тобунун кеңсеси жайгашкан жай жок кылынды.

Өткөн аптада пакистандык жана эл аралык басма сөз каражаттары Пешавар шаары талиптердин колуна толугу менен өтүү коркунучуна ээ болгонун жазып чыгышкан эле. Профессор Ижаз Хандын айтымында, акыркы беш жылдын аралыгында талип согушчандары Пешавардан 500 километр аралыкта жайгашкан Вазиристандан келип, өз таасирин күчөттү. Маселен талиптер исламга каршы келет деп Пешаварда ДВД дисктерди саткан дүкөндөрдү талкалаганы маалым:

-Талиптер Пешаварды басып алды деп түз мааниде түшүнбөш керек. Себеби алар “шаарды басып алабыз” деп, анын дарбазасын аңдыган жок. Алардын шаар ичинде таасири күндөн күнгө күчөп жатат, ал эми өкмөттүн буларга каршы туруу үчүн тиешелүү бир саясаты жоктой көрүнөт.

Профессор Ижаз Хан өкмөт тарабынан жасалган иштер канааттандырарлык болбогонун белгилеп, мурдагы бийликтин пайдасыз аракеттери менен салыштырды:

-Пакистандын куралдуу күчтөрү менен талип жоочуларынын ортосунда бир нече күнгө созулган кагылышуулар болуп, эки тараптан тең жоготууларга алып келүүдө. Ортодо карапайым тургундар дагы жан таслим болуп жатат. Мына ошондо алар сүйлөшүүлөрдү баштайт жана адатта алар макулдашууга жетишет. Мындай иштер болсо, талиптердин таасиринин күчөшүнө алып келет.

Пакистан менен Ооганстанды бириктирген Пешавар кан жолу 1980-жылдары советтик армияга каршы партизандык күрөш жүргүзгөн ооган можахеддеринин негизги чептеринин биринен болгон. 80-жылдардын аягында радикал араб жоочулары Пешаварда “ал-Каиданын” бир тармагын негиздеген. Жергиликтүү полиция жакында эле Пешавардын коопсуздугу үчүн көп тармактуу план түзгөн эле. Бирок, адистердин айтымында, азырынча бул план коопсуздукту чыңдоо жаатында олуттуу салым кошо элек.

XS
SM
MD
LG