Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

ЭРДОГАНДЫН ПАРТИЯСЫ СУЛАЙМАН СУРАКТА


Түркияда конституциялык сот мамлекеттин динаятсыз принцибине кооп келтирип жатат деп айыпталган бийликтеги Адилет жана Өнүгүү партиясынын ишин кароого киришти. Байкоочулар процесс бери эле дегенде эки айга созуларын айтып жатышат. Кокус Адалет ве калкынма (АК) партиясы таркатылса, анда бул Түркиянын Евросоюзга кошулуу мүдөөсүн да бир топ мүчүтөрү калетсиз.

Конституциялык сот ишти жабык тартипте карап жатат. Процесстин башталышында өлкөнүн башкы прокурору Абдуррахман Йалчинкайа айыптоочу тараптын танык-далилдери менен тааныштырды жана Адалет ве калкынма (АК) партиясын мамлекеттин уңгулуу принцибине – динаятсыздыкка коркунуч түзүп жатканы үчүн айыптады. Прокурор партиянын таркатылышын, анын 71 ишмерин, алардын ичинде премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды, президент Абулла Гүлдү беш жылга саясий чөйрөдөн четтетүүнү талап кылды.

“Адилетчилер” өздөрүнө коюлган айыптарды четке какты,алардын баарын саясий тапшырык менен атайын жасалган доомат деп аташты. Бейтарап байкоочулар бул таймашты Түркиядагы исламчыл жана секулярдык,аскери элитанын ортосунда салтка айланган кармаштын кезектеги түрмөгү дешет.

Башкаруучу партия былтыр өз өкүлү Гүлдү президенттикке талапкер кылып көрсөтүп, атеисттер жамаатынын аламан каршылыгын пайда кылган эле. Конституциялык сот да алардын талабын колдогон бүтүм чыгарган, натыйжада парламентке чукул шайлоо өткөрүлгөн. АК партиясы кайра бийликке келип, Гүл парламентте президент болуп шайланган.

Өткөн айда парламент жогорку окуу жайларында жоолукчан жүргөнгө тыюу салган эрежени жокко чыгарган чечим кабыл алды эле, аны да конституциялык сот жаратпай салды. Эмки кезек бийликтеги партияны жабуу маселесине жетти.

Адалет ве калкынма (АК) партиясы мусулман салт-санаасын эш тутканы менен бийликке келгенден бери өзүн европачыл күч катары көрсөттү. Ага жакында Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы колдоо билдирип, сот кандай чечим кабыл алса да процесстин өзү “өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү бүлүнтөрүн, мамлекеттик мекемелердин демократиялык негизде иштешине жолтоо болорун,жакынкы аралыкта жасала турган саясий жана экономикалык реформаларды кечеңдетерин” эскерткен.

Акырында соттун чечими Түркиянын Евросоюзга кошулуу келечегин да кыйла узартып жибериши ыктымал. Муну быйыл апрелде Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу эске салган. Өлкөдө калктын көпчүлүгү колдогон партиянын куугунтукка алынганын, анын лидерлерине бийликтен кетүү талабы коюлганын таптакыр акылга сыйбас көрүнүш катары баалап, Баррозу ошентсе да конституциялык сот демократияга жана Европада кабыл алынган стандарттарга ылайык чечим чыгарат го деген үмүтүн билдирген.

Процесс жаңы гана башталды, ал эки айга созулчудай. Сот өз бүтүмүн августта барып айтышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG