Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

ФРАНЦИЯ ЕВРОБИРИМДИККЕ ТӨРАГАЛЫК КЫЛА БАШТАДЫ


Бүгүн (шейшембиде) Франция Европа кеңешине жарым жылга төрагалык кыла баштады. Париж бул мөөнөткө ири пландары бар экенин жар салып келген эле. Бирок ирландиялыктар Лиссабон келишимин четке каккандан кийин блок кайрадан кризиске батты. Окуялардын мындай өнүгүшү Париждин ишин кыйындатышы мүмкүн.

Мындан 10 күнчө мурун Ирландия Лиссабон келишимин четке каккандан кийин Саркози Париж Европанын биригүүсү үчүн бар аракетин жумшайт деп убада кылган:

- Франциянын төрагалык ролу - Европа үй-бүлөөсүн толуктоо. Толуктоо дегенде мен 27 мамлекетти сөз кылып жатам. Экинчи келишим боюнча Лиссабон макулдашуусу кайра талкууланбайт.

Ирландия документти колдобой койгондон кийин Польшанын президенти Лех Качински, өлкө парламенти ратификациядан өткөргөнүнө карабай, келишимге кол койбой турганын жарыялады. Германиянын мамлекет башчысы Хорст Көлер ратификация процессин убактылуу токтотуу жөнүндө билдирди.

Чехия дагы Жогорку соттун келишим боюнча бүтүмүн күтө турууну туура тапты.
Мунун бардыгы шаркетти кризиске кириптер кылып, лидерлер мындан аркы кадамдарды ойлонуштуруп жаткан кез. Натыйжада Франциянын дымактуу демилгелери ишке ашаары күмөндүү болуп калды. Атап айтканда, Париж эмки октябрда өтчү саммитте иммиграция боюнча келишимдин кабыл алынышын жактайт. Биримдикке иш издеп келген мыйзамсыз мигранттардын саны жылдан жылга өсүүдө. Экинчи жагынан шаркеттин мүчө-мамлекеттери жумушчу күчкө муктаж. Президент Саркози Европа келгиндерге ачык болушу керек, бирок мыйзамсыз миграциянын жолун бууш керек деп эсептейт. Расмий Париж мындайча айтканда, “тандалма иммиграцияны” колдойт.

Париждик саясий аналитик Оливье Розенберг оюн төмөнкүдөй оротого салат:

- Франциянын төрагалыгы маалында айлана-чөйрөнү коргоо, энергия, иммиграция, айыл-чарба саясатын өзгөртүү маселелери приоритеттүү болмокчу. Бирок бул маселелердин бардыгы институционалдык проблемага барып такалат. Анан да Европанын мыйзамдарын бир эле күндө өзгөртө албайсың, ага көп убакыт керек.

Ал эми төрагалыкты өткөрүп алуу салтанаты дүйшөмбү күнү Словениянын Нова Горица шаарында Словениянын жана Франциянын тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өттү. 12-июлда болсо Саркози Парижде Жер Ортолук деңиз мамлекеттер биримдигинин саммиттин уюштурганы жатат.

Айта кетчү жагдай, саясий интеграция Франциянын долбоору болчу. Евробиримдиктин баштапкы конституциясы да Франциянын мурдагы президенти Валери Жискар д`Эстендин жетекчилиги алдында жазылган. Аны менен бирге дал француздар 2005-жылкы референдумда алгачкы болуп документти четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG