Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

2-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Географиялык аталыштарды тартипке салыш үчүн Кыргыз ССР Жогорку кеңеши 1939-жылдын бу күнү республиканын Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Комиссия уюштуруу туурасында чечим чыгарды. Кыргызстан ВКП (б) Фрунзе шаардык комитети 1939-жылдын бу күнү, репрессия маалында коммуисттик партия катарынан чыгарылган 14 жооптуу кызматкерди партия мүчөлүгөн калыбына келтирди.

Пишпек уезддик большевиктик-коммунисттик партия комитети 1919-жылдын 2-июлунда шаардык эмгекчи интеллигенция өкүлдөрүнө чакырык менен кайрылды. Уезддик партия комитетинин чакырыгында: «Бейтарапсыздыктын көшөгөсн ачып, пролетариатка кол сунуп, маданий жана билим берүү багытында жардам берүүнүн маалы келди. Силер деле өз акылыңыарды белгилүү бир акыга саткан пролетарийсиңер, ошондуктан жумушчу тапка жардамдашууга милдеттүүсүңөр»,-деп айтылат. Мындан тышкаары, большевиктер «ким биз менен болбосо, алар бизге каршы»,-деп эскертишкен.

Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдиги 1929-жылдын 2-июлунда борбордун көркүн эле эмес, аброюн бузган шаардык базардагы «мас катарды» талкалоо туурасында чечим чыгарды. Базардагы «мас катарда» арзан самагон сатылып, ал мамлекеттик продукциялардын өтүшүнө кедерге эле келтирбестен, аны колдонгон кардарлардын катарын улам суюлтуп турган. Чечимге ылайык шаардык милиция самагон саткандарды эле эмес, базарга кирген-чыккандарды текшерүүгө укук алган. Мас абалында кармалган адамдар туурасында маалымат шаардык гезит беттерине «Аларды баардыгыңар билгиле!»,-деген рубрика менен чыгарыла баштаган.

Кыргызстан ВКП (б) Фрунзе шаардык комитети 1939-жылдын бу күнү, репрессия маалында коммуисттик партия катарынан чыгарылган 14 жооптуу кызматкерди партия мүчөлүгөн калыбына келтирди. Сталиндик кызыл террордон кутулган жооптуу партиялык кызматкерлердин арасында «Ала Тоо» кинотеатрынын директору, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, Кыргыз ССР Ички иштер министринин жардамчысы сыяктуу адамдар болгон.

Географиялык аталыштарды тартипке салыш үчүн Кыргыз ССР Жогорку кеңеши 1939-жылдын бу күнү республиканын Элдик комиссарлар кеңешине караштуу Комиссия уюштуруу туурасында чечим чыгарды. Өкмөттүк геогрфиялык комиссияны Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Гопко жетектеп, республикадагы жер аталыштарынын туура жазылышына Шүкүров, Үмөталин сыяктуу комиссия мүчөлөрү салым кошушкан.
XS
SM
MD
LG