Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

М.О’ХАНЛОН: ИРАКТА ЧОҢ ИЙГИЛИК БАЙКАЛУУДА


Вашингтондогу Брукинг институнун эксперти Майкл О’Ханлон өткөн айдын башталышында бир аптадай Иракта болуп, кыйла аймакты кыдырып көрүп кеткен эле. Көз карандысыз байкоочу катары ал бул өлкөдөн байкап-баккандары, жалпы жагдай тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Эндрю Таллиге кеп салып берди.

О’Ханлон баарыдан мурда быйылкы жылдын жазында ирак армиясы аркалуу күчкө айланып баратканын, көп иштерди америкалыктардын көмөгүсүз эле чечкенге жарап калганын көрсөттү деп эсептейт. Мунун өзү Ирактан кетер күндү көксөп жүргөн америкалыктар үчүн жакшы жаңылык экени талашсыз.

Жалпы жагдайды О’Ханлон дале морт деп баалады. Бир аймактагы абалдын экинчи аймактан айрымасы бар. Ошентсе да Иракта соңку жарым жылда калк арасындагы бейжазык курмандыктар саны 80 процентке азайды. Өзгөчө кооптуу деп О’Ханлон түндүктөгү Мосулду, андан соң өлкөнүн ортолук бөлүгүн атады. Ал эми Багдаддын батыш ыптасындагы ал-Анбар району менен түштүктөгү Басрада, О’Ханлондун баамында, алдыдагы эки-үч жылда калган бардык аймактар үчүн өнөгө болуп, америкалык аскерлердин санын кыскартканга жүйөө бергидей жагдай түзүлгөнүн байкаган.

О’Ханлон Иракта ушу тапта Иран башкы проблемага айлана баштады деген көз карашын билдирди. Анын баамында “Ал-Каида” экинчи орунга сүрүлүп калгандай, аны, албетте, эсептен алып салганга азырынча болбойт. Деген менен “Ал-Каида” калк арасында улам барган сайын колдоодон ажырап баратат. Ага сүннүлөр жамааты өзгөчө кырданып карап калды, шейиттер болсо Иранга далысын сала баштады. Иши кылып, “Ал-Каида” менен Ирандын коркунучуна каршы Иракта бирдей өлчөмдө жаңы мөлчөр түзүлүп келатат.

АКШ Ирактагы бул урушта дегеле утуп чыга алабы?- деген соболго жооп берип, О’Ханлон “жеңиш” деген сөздү оозангысы келбей турганын моюнга алды. Иракта көп курмандыктар, жоготуулар болгонун, арбын каталыктар кетирилгенин белгилеп, вашингтондук эксперт соңку бир жарым жылдан бери АКШ олуттуу ийгиликтерге жетише баштады деп эсептейт. О’Ханлон бул процесс мындан ары да уланарына ишенет. Анткени жетишкендиктерди бекемдеп калганга, анын айтымында, Иракта азыр чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

XS
SM
MD
LG