- Бөдөш айым, алгач ЕККУ төргасы менен жолугушууда негизинен кайсы маселелер талкууланды, ошого токтоло кетсеңиз?
- Кечээ күнкү саясий партиялар менен болгон жолугушууда негизинен өлкөдөгү демократиянын өнүгүшү, адам укуктары, анан өлкөнү кандайдыр бир деңгээлде коррупциялык жолдон кантип чыгаруу же коррупция жөнүндө талкуу болду. Негизинен, токтолуп кетсек саясий партиялар дагы, ЕККУнун төрагасы дагы эң негизги көңүлдү демократиянын принциптерине бурду, кеңири сөз болду. Бирок убакыттын тардыгына байланыштуу өз ой-пикирлерибизди бар аз гана айтууга үлгүрүп калдык.
- Адам укуктары, сөз эркиндиги тууралуу да сөз болгон экен. Бул жаатта оппозиция дагы абал начарлап, өлкө артка кадам жасап жатат деп айтып келатпайбы. Эмне себептен ЕККУ бул боюнча кандайдыр бир сын болобу, кеңешин айткан жок?
- Чындыгында адам укуктары боюнча ачык пикир алмашып, же өзүнүн оюн ачык айта алган жок. Негизинен, биздин токтолгон негизги ой-пикирлерибиз дагы адам укуктарынын тегерегинде болуп атты эле. Алар мындай деп айтты, «силерде өлүм жазасын алып таштабадыбы» деп. Бизде аны менен эле чектелбейт да. Негизинен, Кыргызстанда адам укугу таптакыр эле чектен чыгып, сакталбай калган. Булар өздөрүнүн оюн ачык айта алган жок. Ушул жерден бир топ саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, анын ичинде мени дагы бүдөмүк ойго салды. Ушул мезгилге чейин деле булар бир жактуу так позициясын билдире алган жок. Бул же биздин Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталбай келе жатканын биротоло түшүндү. Мындан ары өздөрүнүн түз таасирин бере албай тургандыгын же болбосо алардын айткан нерсеси бизде кагаз жүзүндө гана кала тургандыгына ынангандыгын билдирип, үстүртөн гана ойлорун айтып койгондой болуп калды.
- Анда жөн гана формалдуу жолгушуу болуп калган турбайбы?
- Ооба, формалдуу түрдө гана болуп калды. Булар так оюн айта алган жок да, же болбосо жакынкы арада адам укуктары жөнүндө конкреттүү чаралар, конкреттүү көңүл буруулар болорун так айткан жок. Үстүртөң гана айтып койду. Көп нерселер барыбызды ойго салып койду.
- Президент менен болгон жолугушууда Стубб мырза Кыргызстандын Казакстандан кийинки жылдары уюмга төрагалык кылуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты. Белгилүү болгондой Казакстан уюмга төраган укугуна 2010 –жылы ээ болот Төрагалык биздин өлкөгө өтүшү канчалык мүмкүн деп ойлойсуз?
- Ал төрагалык кылуу укугу берилиш үчүн өлкөнүн чоң аброю болуш керек эл аралык уюмдардын арасында. Экинчи жагынан, туруктуу өнүккөн экономика болуш керек, андан кийин абдан жогорку каржы булактары болуш керек. Казакстан ал жагынан финансы булактарын эбак чечип койгон. Ал эми биздин өлкөнүн канчалык деңгээлде ошого жетишине далилдер байкалбай турат. Өздөрү деле айтып атышат, шайлоонун өтүшү боюнча, коррупция боюнча Кыргызстан бир топ эл аралык уюмдарга тааңылып калды деп. Жакында эле интернет аркылуу берип атышат, биз абдан коррупциялашкан мамлекеттердин арасына кирдик. Ошол эле мезгиле адам укуктары боюнча дагы өздөрү так эч нерсе айта албай атышат. Ошол жагынан алып караганда жакынкы арада бизге уюмга төрагалык кылыш ишенимдүү тагылат дегенге мен ишене албай турам.
- Маегиңизге ырахмат.