Маалымат жыйынында Кыргызстандын коргоо министри Бакыт Калыев Министрлер кеңешинин жыйыны достук маанайда өтүп, өз максатына жеткенин билдирди. Ал эми Азербайжан коргоо министри Сафар Абиев КМШ мамлекеттеринин негизги көйгөйү катары –чекара маселелерин айтып кетти. Анын айтуусунда КМШдагы кырдаал идеалдуу деп баа берүүдөн алыс турат:
- Сиздер билесиздер КМШ мамлекеттериндеги чыр-чатактар номур биринчи көйгөй боюнча калууда. Азербайжандын 20% аймагы Арменияда калып жатат. Биз бул маселени көтөрүп келе жатабыз, бирок тилекке каршы бул маселелер чечилген жок.. КМШ өлкөлөрү, анын ичинде министрлер кеңеши буга байланыштуу өз пикирлерин билдирбей келатышат. Бул албетте, КМШ мамлекеттеринин мамилесине чоң жарака кетирет,
Маалымат жыйынында КМШ мамлекеттеринин ичинен Ооганстанга жакын жайгашкан өлкө катары Тажикстанга террордук коркунуч көп туулуп жаткан жокпу, деген суроолор да болду. Мындай суроолорго жооп берип жатып, тажик коргоо министри Шерали Хайруллоев акыркы убактарда Ооганстандан террордук коркунуч эмес, баңзат коркунучу күчөгөнүн белгиледи:
- Ооганстанга коалициялык күчтөр киргизилгенден кийин баңзат өндүрүшү азаймак турсун, кайра күчөдү. Бизге Ооганстандан эч кандай аскердик коркунуч жок. Мына ушул баңзат коркунуч болуп атат,
Маалымат жыйынында журналисттерге эркин суроо берүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.
Айрым саясатчылар расмий өкүлдөрү мындай жыйындарга чогулуп, түрдүү чечимдерди кабыл алганы менен иш жүзүндө шериктештик мамлекеттердин ынтымагы ырас болбой жаткандыгын белгилешет. Жолугушуулардагы кургак айтылган сөздөр, түзүлгөн келишимдер ишке ашпай кала берүүсү көнүмүш иш-чарага айланып калды, дешет алар. Буга жакынкы эле коңшу мамлекеттер менен болуп жаткан саясий-экономикалык мамиле, аскердик-техникалык кызматташуу мисал катары айтылууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде КМШ сыяктуу уюмга бириккен мамлекеттер бири-бирин колдосо болмок:
- 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңында биз бир топ аскердик техникаларды, курал-жарактарды Орусиядан сураганбыз. Анын баары өтө кыйындык менен араң зорго чечилген. ЖККУга, КМШга мүчө болгонубуз менен курал-жарактардын баасына келгенде биз башка чет мамлекеттердей эле баа менен алып калып жатабыз. Европадагы уюмдарда бири-бирине түрдүү артыкчылыктар берилет. КМШ институту –цивилизациялуу ажырашуунун гана жолу болуп жатат, деген жыйынтык ушундан улам келип чыгып атпайбы..