Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

8:27 А.Эркебаев: Бийлик оппозициялык басылманы жабуу аракетин көрүүдө


Бул тууралуу коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев бүгүн “Азаттыктын” түз ободогу таңкы маегинде “Де-факто” басмылмасынын тегерегиндеги соңку окуялар боюнча суроого жооп берип жатып билдирди. “Редакция тарабынан да кемчилик болгон, бирок сүйлөшүү же төгүндөө жолу менен да маселени чечсе болмок, кылмыш ишин козгоп, башкы редакторго айып тагылышы, укук коргоочу Качкын Булатовдун камалышы бийлик оппозициялык басма сөз болушун каалабай жатканын көргөзүүдө” – дейт Абыдганы Эркебаев. Коомдук парламенттин төрагасы ошондой эле бул иштин артында саясий эсеп-кысап бар деп эсептээрин кошумчалады.(SM)

XS
SM
MD
LG