Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:02

АБХАЗИЯДАГЫ ЖАРЫЛУУЛАРДЫН АРТЫНДА ЭМНЕ ЖАТАТ?


Грузия өзүнүн жикчил аймагы катары эсептеген Абхазияда соңку күндөрү үч жарылуу болду. Акыркысы кечээ эртең менен Грузиянын Абхазия менен де-факто чек арасына жакын жерде орун алды. Андан эч ким жабыр тарткан жок, бирок Абхазиядагы орус аскерлери муну Тбилисинин провакациясы катары мүнөздөдү. Жарылуулардын артында эмне жатышы мүмкүн?

Орусия колдогон жикчил Абхазия менен Грузияны иш жүзүндө бөлүп турган чек арадагы кечээги жарылуу зыян келтирбегени менен коркунуч жаратты. Ал орус аскерлеринин көзөмөл бекетинин түбүндө орун алган эле. Орусиянын бул аймактагы бейпилдик күчтөрү, абхаз өкмөтү жарылуу үчүн дароо эле грузин бийликтерин айыпташты. Абхазиянын башкы прокурору, Сафарбей Миканбанын ырастоосунда, үч жарылуу тең бир топ тарабынан ишке ашырылган:

- Биз акыркы тыянакты экспертиза дайындаган Сочи бюросунун эксперттеринен алабыз. Бирок биз азыр эле бул бир кол тарабынан жасалган, бир каражат, бир ыкма колдонулган деп айтып жатабыз.

Абхазия аймагындагы соңку жарылуулар Орусия менен Грузиянын батышчыл өкмөтү ортосундагы тирешүү бир аз басаңдаган учурга туура келди. Москвадагылар сыяктуу эле Кавказ боюнча эксперт Алексей Вашченко да жардыруулар үчүн Грузияны айыптайт:

- Саакашвили менен Медведев жолукканда Медведев өзүнүн катаал турумун кайталаган. Анын артынан дароо эле ушул жарылуулар башталды. Саакашвили Орусиянын жаңы президенти менен Абхазия маселесин Грузиянын пайдасына чечүү мүмкүн эмес экенин түшүндү. Орун алып жаткан окуялар Грузия менен Орусиянын мамилеси акырындап курчушуна алып келери анык.

Абхазия Грузиянын борбордук өкмөтүнүн көзөмөлүнөн 1990-жылдардын башындагы согуштан кийин чыгып кеткен, бирок эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес. Абхазиянын көз карандысыздыгын атүгүл ага акча жагынан жардам берип, бейпилдик аскерлерин жайгаштырып, жашоочуларына өз паспортторун ыйгарган Орусия да тааный элек.

Абхазия менен бирге Москванын колдоосун алып келе жаткан Түштүк Оссетияны Грузияга баш ийдирүүнү убада кылып келе жаткан президент Михаил Саакашвили бул маселелерди орус президенти Дмитрий Медведев жакында талкуулаган. Эки лидер, маалыматтарга караганда, сүйлөшүлөрдү жакынкы убактарда кайра жандандырууну пландашууда.

Анткен менен расмий Москва Тбилисини Абхазияны күч менен баш ийдирүү үчүн аскерий операция даярдап жатат деген айыптоосун улантып келүүдө.

Грузин бийликтери болсо Абхазиядагы соңку жарылууларга тиешеси бар деген ырастоолорду төгүндөдү. Абхазиянын Тбилисиде жайгашкан сүргүндөгү өкмөтүнүн башчысы Малхаз Акишбая мындай дейт:

- Бул абдан өкүнүчтүү. Бирок жикчил бийликтин өкүлдөрү өздөрү кабылган кырдаалды туура эмес баалап жаткандыгы факт. Алар өз кемчилиги үчүн жоопкерчиликти башкаларга оодара салууну көздөшүүдө. Сөөмөйү менен грузин бийликтерин көргөзүшүп, аларды кылбаган иши үчүн айыпташууда.

Он адам жарадар болгон алгачкы эки жардыруудан кийин эле абхаз бийликтери Грузия менен чек арадагы өткөөл бекетти жаап салышты. Грузия мындай кадамга тынчыздануусун билдирди. Тбилиси жогорудагыдай жагдай Абхазиянын чыгышындагы Гали районунун, Грузиянын калган аймагы менен такай соода –сатык кылган миңдеген тургундарынын турмушун оорлотот деп эсептейт. Бул - Абхазиянын чек араны узагыраак убакытка биринчи ирээт жабышы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG