Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:02

“ДЕ-ФАКТО” ЧЫРЫ, ЕККУ ТӨРАГАСЫНЫН КЕЛИШИ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Кечээ “Дефакто” гезитинин баш редакторуна айып тагылып, Кыргызстандан кетпөө тууралуу тил кат алынды. Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы мындай чечимди ЕККУ төрагасы Кыргызстанга келип кеткенден кийин кабыл алып отурат. ЕККУ төрагасы Александр Стубб кечээ маалымат жыйынында “Дефакто” гезитинин айланасындагы жагдайга байкоо жүргүзүп жатканын айткан. Ал эми президент менен жолугушуу учурунда төрага Кыргызстан ЕККУга төрагалык кылууга мүмкүнчүлүгү бар деп билдирген. “Интербилим” уюму демократиялык баалуулуктарды бузуп жаткан кыргыз бийлигин ЕККУ төрагасы ого бетер шыкактап кетти деп билдирди.

ЕКУУнун төрагасы Александ Стубб: “Кыргызстан Борбор Азияда демократиянын үлгүсү боло ала тургандыгы менен айырмалат”,- деп баа берип кеткен соң, коомчулукта ар кыл пикирлер күчөдү. Бирөөлөр Кыргызстан чындыгында коңшу Өзбекстан, Турмөнстан, Казакстанга караганда демократияны өнүктүрүүдө алгылыктуу иш алып барууда дешсе, өлкөдө адам укуктары бузулуп, маалымат каражаттарын, диний эркиндиктерди чектөөлөр күч алып жатат деген пикирдегилер дагы бар.

Көз карандысыз “Де факто”, “Алиби” гезиттерине тагылган айып пул, “Сентярь” телеканалынын жабылышы, айрыкча “Де факто” гезитине байланышкан тергөө иштери буга күбө дешет адистер.

“Де-факто” гезитинин жетекчисине чыгарылган кечээки айып мына ушул өңдүү пикирлерге май тамызгандай болду окшойт. 3-июлда гезиттин баш редактору Чолпон Орозобековага “Кылмыш жаза” кодексинин 329 беренеси боюнча “билип туруп жалган билдирүү тараткан” деген айып коюлду. Бул беренеде айыпталуучуну 2 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Медиа өкүл Илим Карыпбеков “Де факто” гезитине коюлгон айыптоо туура эмес экендигин жана бул тууралуу алардын кайрылуулары эске алынбагандыгын өкүнүү менен айтты:

- Бул 329-берене менен козголуп жаткан кылмыш иши козголбошу керек болчу. Бирок ошентсе дагы эми айып коюлуп жатат. Бул абдан өкүнүчтүү, биз бул туура эмес деп баа бергенбиз.

ЕККУ төрагасы Александр Стубб көз карандысыз “Де-факто” гезити тууралуу толук кабардар экендигин жана бул маселе боюнча дээрлик ар бир жолугушууда сөз козголгондугун журналисттерге билдирген эле:

- Де факто бүгүнкү жолугушуулардын предмети болду. Гезит маселеси - маалымат каражаттарынын эркиндиги катары көтөрүлдү. Буга- биз, ЕККУ жана жалпы эле батыш коомчулугу үзгүлтүксүз көз салып турабыз.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жетекчиси Кыргызстан Казакстандан кийин ЕККУга төрагалык кылууга мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары айтканы – “бул кыргыз бийлигин демократиялык өнүгүүнү бекемдөөгө шыктандыруу аракети” деп билдирди “Азаттыкка” саясат таануучу Эмил Каниметов.

- Жаман-жакшыдыр бул жерде кичине граждандык коом болуп, демократия алардын (ЕКУУ) айтканына караганда өсүп-өнүгүп жатат. Кыргызстандагы деморатияны өнүктүрүүдө, коррупцияны чектөөдө бул ОБСЕге председателдик кылуу мүмкүнчүлүк бермек жана жаны жол ачмак.

56 мүчө-өлкөсү бар ЕККУ сыяктуу абройлуу эларалык уюмга Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан биринчи болуп 2010-жылы төрагалык кылат. 3-июлда Астанада аяктачу ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясында Казакстан аталган уюмга төрагалык кылууга “даяр болбой жатат” деген кыязда сындар айтылды.

ЕККУнун төрагалык милдетин аткарган өлкө эң алгач демократиялык баалулуктарды, анын ичинде адам укуктарынын сакталышы, эркин басма сөз, жарандык коомдун өнүгүшүндө үлгү боло турган өлкө болушу керек.

XS
SM
MD
LG