Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

15:50 Коомдук парламент жана “Акыйкат үчүн” кыймылы “Де-факто” гезитинин айланасындагы маселеге байланыштуу билдирүү таратты


Анда гезиттин башкы редакторуна жана “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатовго куугунтукту токтотуу талап кылынган. Билдирүү ээлери акыркы убакта оппозициялык маанайдагы жарандар менен маалымат каражаттарына саясий куугунтук күчөгөнүн белгилешүүдө. Коомдук парламент менен “Акыйкат үчүн” кыймылы билдирүүсүндө “Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги Туратбек Байчаев Качкын Булатовду негизсиз, мыйзамды одоно бузуу менен камака алган жана өз укугун мыйзам чегинен ашкере пайдаланган. Адам укугун тебелеп мындай тура эмес иштерди жасагандар мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек,” деп эсептеп, укук коргоочу Качкын Булатовду камактан чыгарууну талап кылышкан.
Кечээ Бишкек шаардык ИИБ тарабынан “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага “жалган маалымат тараткан” деген айып тагылып, эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алынган. Ушундай эле айып тагылган “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатов 48 саатка камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG