Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

ЭРКИН ГЕЗИТ АСМАНЫНДАГЫ КАРА БУЛУТ


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү “Де Факто” гезитинин башкы редакторунан сыртка чыкпоо жөнүндө тилкат алып, тергөөдөн жашырынып кетиши мүмкүн деп “Эрайдоочу” коомдук уюмунун башчысы Качкын Булатовду 48 саатка кармоого чечим чыгарган.

Сөз эркиндигинин Кыргызстандагы азыркы абалына түздөн-түз тиешеси бар бул иш эларалык уюмдардын баамынан тыш калбаганын “Акыйкат үчүн” кыймылынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов ырастады.

- Албетте, бул дүйнө жүзүнө кетти. Биз дагы айтып атабыз. “Де Факто” бизге эле эмес, эларалык коомчулукка белгилүү гезит болуп калды. Анткени менин билишимче дипломат, эларалык чиновниктер ушул гезитти кыргызча болсо да атайын алып, жакшы макалаларды атайын которттуруп алып окушат экен. Ошондуктан мен ойлойм бул Кыргызстандын эларалык аброюна абдан чоң таасирин тийгизет.

“Де Факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекованын пикиринде, эларалык уюмдардын пикири бул иште эсепке алынбай деле калышы ыктымал.

- Биздин тергөө, прокуратура органдары эларалык уюмдардын пикирине анча деле кулак какпайт го дейм. Кечээ суракка чакырышкан. Барган жерде жанагындай расмий айып тагылды. Иш бүгүн прокуратурага өтөт экен. Прокуратура аны өзү бир сыйра карап туруп анан сотко өткөрөт экен.

Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов айрым басылмалар сөз эркиндигинин кадырын кетирүүдө деген пикирде.

- Кийинки кездери демократия, сөз эркиндигине жамынуу менен биздин айрым кесиптештерибиз сөз менен ойноонун негизинде өзү ойлогондой, өзү билгендей жазып, журналисттик этиканын айрым негиздерин бузгандыгына байланыштуу аларга даттануулар соттук териштирүүлөргө чейин жетип жаткандыгы мыйзамченемдүү иш.

Кыргызстандын Маданият жана маалымат министринин орунбасары Мелис Айдаркулов “Де Факто” гезитине каршы иш козголуп жаткан чакта журналисттик уюмдар, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укугун коргой турган бирикмелердин унчукпаганына таңданып отурганын айтты.

- Эчким кайрылбаган кезде да бул маселени өздөрүнчө карап чыгып, өздөрүнүн баасын берсе болмок.

Басылмада чоң талаш чакырган чуyлгандуу макала авторун таап келүү милдетин өзүнө алган “Эр айдоочу” коомдук уюмунун жетекчиси Качкын Булатов 2-июлдан тарта 48 саатка кармалып, ушу тапта абакта олтурат. Адвокат Акин Токталиев эмдигиче К.Булатовго кире албай жатканын айтат.

- “Сен жолобо!” дейт. “Жолосоң сага да кылмыш иш козгоп коебуз” дейт. “Лицензияңды алдырып туруп” дейт. “Кимдин заказы” десем, “президенттик администрациянын заказы” дейт. “Шаар прокурору, Салык инспекциянын директорунуку” дейт.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Туратбек Байчаев адвокат А.Токталиевдин айткандары чындыкка коошпостугун билдирип, К.Булатовго башка адвокат сунуштай тургандыгын маалымдады.

- Мен кантип айтам андай сөздү. Анын ар бир сөзүн текшериш керек. Анан кантип эле айтып коюп, анан сен барып тиги киши менен сүйлөш, ал киши бүтүр десе бүтүрөм деш. Жакшы киши эмес экен ал.

К.Булатов кылмышка шектүү адам катары кармалышы мыйзамга кайчы келерин ырастап, 3-июлда “Акыйкат үчүн” кыймылы билдирүү таратты. Анда “Адам укугун тебелеп мындай туура эмес иштерди жасагандар мыйзам алдында жооп берүүлөрү керектиги” айтылган. Ал эми адвокат Акин Токталиев “Де Факто” гезитиндеги чуулгандуу кайрылуунун ээси Замира Молдоева бардыгын, тек ал К.Булатов камалгандан кийин керт башынын коопсуздугун ойлоп жашырынып калганын, кийин кези келгенде ачыкка чыгаарын кабарлады.
XS
SM
MD
LG