Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

ТҮРКИЯДА КЫРДААЛ КУРЧ – АЙЫГЫШКАН ТИРЕШ УЛАНУУДА


Аким Өзгөн, Стамбул Түркияда саясий абал курчуунун үстүндө. Башкаруудагы партиянын иши конституциялык сотто каралып жаткан кезде, армиянын отставкадагы генералдарын да кошуп алганда бир катар таанымал кишилердин камакка алына баштоосу, ансыз деле бычактын кырында турган абалды ого бетер чыңап, айрым серепчилердин пикиринде өлкөдө жикке бөлүнүүнүн коркунучу пайда болууда.

Түркияда түзүлүп калган кырдаал, сыртынан байкаганда, кадыресе жөндүү жана ар бир демократиялуу өлкөдө боло алчу утурумдук кризистей сезилген менен иш жүзүндө болуп жаткан окуялар, бири-бирине карама-каршы эки айрым дүйнө таануу системасынын ортосундагу айыгышкан күрөштүн таасири сезиле баштаганы байкалат. Бир жакта, конституциялык сотто иши каралып жаткан башкаруудагы исламчыл маанайдагы Адилет жана Өнүгүү партиясы жана анын жан жөкөрлөрү, экинчи жакта өзүн Мустафа Кемал Ататүрктүн осуяттарынын сакчысы эсептеген секулярист-лайик чөйрөлөр болуп, өлкө улам барган сайын ого бетер кандайдыр бир ыдыроо жараянынын кырына жакындап бараткандай… Айрым саясий байкоочулар дагы тастыктагандай, ЖОЖдордо бир алакан кыз келиндин кудум Иран Ислам Жумуруятында же Афганстанда болгон өңдүү жамынып билим алуу укугун камсыздаш максатында өкмөт өз колу менен учугун чубап жиберген бөөдө жаңжал, жүрүп олтуруп, өлкөнүн тарыхындагы эң ири саясий кризиске айланып калды.

Ушул жумада конституциялык сот, башкаруудагы АК Партиянын жабылуусун талап кылган мамлекеттик прокурорду жана партиянын коргоочуларын жекеме-жеке угуу менен өз ишин улантты. Дал эле ошол кезде, өкмөткө каршы төңкөрүш уюштурууга аракет кылышкан делип тергөө жумуштарынын чегинде 21 киши, анын ичинде отставкадагы 3 генерал камакка алынды. Өкмөт чөйрөлөрү муну көз карандысыз сот бийлигинин эрки катары баалаган менен бир катар чөйрөлөр, анын ичинде оппозициядагы ЖКП, ‘Эргенокон’ деп аталган бул операцияны өкмөттүн өч алуу аракети катары эсептөөдө. ЖКПнын лидери Дениз Байкал басма сөзгө айткан сөзүндө өкмөткө чоң кине койду:

- Эгер бул чынында деле, укуктук бир тергөөнүн, легалдык бир иликтөөнүн же сот адилеттигинин натыйжасы болгондо анда ар ким ага урмат этип моюн сунат эле. Бирок, кооумдук пикирде терең шектенүү сезимдерин пайда кылган бул окуялардын, сот адилеттигинин бир көрүнүшү болуудан көрө кандайдыр бир саясий өч алуу жараянына айланып бараткан болушу кишини тынчсыздандырбай койбойт.

Анын бул айыптоосуна жоопту кечээ АК партиянын төрагасынын орунбасары Денгир Мирфырат кайтарды. Уюштурулган басма сөз жыйынында ал Дениз Байкал мырзаны кыпчып сынга алды:

- Урматтуу Байкал эмне үчүн тынчсызданып жатканыңызды биз жакшы түшүнөбүз; бирок мунуңуздан эч майнап чыкпайт. Сот бизге иш козгогондо, өкмөткө каршы иш алып барганда туура, ал эми террорчулукта айыпталгандарга каршы иш болгондо туура эмес иш кылган болобу. Жок, силер провокация үчүн шылтоо издеп жатасыздар, бирок, бул жерден майнап чыкпайт. Башка эшикке баш багыңыздар.

Ал эми отставкадагы генералдардын камакка алына турганы тууралуу өкмөт башчысы Эрдоган армиянын штабына алдын-ала маалымат берди деген кабарларды генштабтын төрагасынын орунбасары генерал Илкер Башбуг чечкиндүү түрдө четке какты. Кабарчылардын алдында чыгып сүйлөп, “Бул тууралуу айтылып жаткан кабарлар, басма сөздөрдөгү материалдар, астын сыза айткым келет - эч кандай чындыкка жатпаган туура эмес кабарлар. Өкмөт башчысы менен болгон кезектеги сүйлөшүүдө бул тууралуу эч кандай бир сөз болгон жок”,- деди генерал Башбуг.

XS
SM
MD
LG