Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:53

19:20 Майлуусуу электр шамын чыгарчу заводдогулар ультиматум коюшту


Заводдун жыйноо цехинин жумушчулары эмки дүйшөмбүдөн тарта ишке чыкпоону чечти. Бул тууралуу алар деректирге кат жүзүндө билдирди. Алар үч айлык эмгек акыларын төлөп берүүнү талап кылууда. Мындай маалымат заводдун цех башчысы Рустам Абдувалиевден алынды. Анын айтымында демилгени март, апрель, май, июнь айлыктарын алалек башка цехтегилер да колдоосу мүмкүн. Деректир март айын июлдун 5не чейин төлөөгө убада кылган. Завод маяна гана эмес электр жарыгы, табийгый газ, суу үчүн да карыз. Инженер-техникалык кызматкерлер үчүн катал шарттар коюлган. Заводдун 95 пайыз акциясына орусиялык «В.А.В.С.» аттуу фирма ээлик кылат, деп айтты Рустам Абдувалиев. Облбийлик маяна келишимдин негизинде төлөнөөрүн билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG