Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

ОРУСИЯ ЖАНА КАЗАКСТАН, БИРДИКТҮҮ АСКЕРДИК МАШЫГУУЛАР


Муса Мураталиев, Москва Казакстан жана Орусия аскерлери «Бирге аракеттенүү - 2008» аталыштагы машыгууну 5-июндан 11-июнга дейре өткөргөнү атышат. Ал машыгуу Казакстан жумуриятынын жеринде согуштук салгылашта кандай тактика колдонуу керек багытында өтөт. Ага абадан учак менен келип, парашют минип түшүп, капилеттен кол салуучулардын жана жердеги экстремисттердин мизин кайтарышат. Буга дейре 4-июндан 9-июнга дейре Алматыда да чалгындоо өнөрү боюнча биргелешкен аскерлердин көнүгүүсү өткөн.

Анализчилер аскерий машыгуунун Астанага орусиялык лилдер Дмиртий Медведевдин G-8 саммиттине баратып токтошу учурунда өтүшүнө ээк шилтешүүдө. 5-6-июнда Астананын ордо калаа болуп бекишине он жыл толот. Ал күн кезегинде баш калааны Алматыдан Астанага көчүргөн жетекчи Назарбаевдин да туулган күнү болуп чыккандыктан орусиялык президент бара жатат, болбосо Казакстанга жакында эле көз көргөзбөдү беле дешет.

Мурунку айда Агентств Синьхуа эки мамлекет куралдуу күчү өткөргөн «Бирге аракетенүү – 2008» машыгуусу үч күнгө созулду ага орусиялык тараптан «Урал-Волга» аймактарынын аскерлери Казакстан тараптан «Чыгыш» аймактык аскердик түзүлүшүнөн топтор катышышты деп 13-инюда жазып чыккан.

Арадан бир ай өтпөй башталган дагы бир машыгууга, азыр, Казакстандын ава-десанттык аскерлерин башкаруучу Мурат Майкеев айтканга караганда, «эки жарым миңдей аскер катышат»

Мындай көрүнүштү НВО (Незвисимая военное обозрение) талдай келип, Орусияда аскерге чакырунун мөөнөтү 12 айга түшкөндө жазалып аткан амал-айла деп жазат. «Армия менен флотко быйыл 133 200 улан чакыртылды. Аларды нагыз аскерий өнөргө көнүктүрүү үчүн ушундай, тез-тез машыгуу жүрүүдө» - деп жазат. Генерал Владимир Шаманов айтканга караганда андай даярдыктан орусиялык аскерлер «Бирге аркеттенүү - 2008», демек, Биргелеш коопсуздук келишими же Шанкай кызматташтык уюму алкагында өтө алышат.

Дмитрий Медведевдин жүргүзө баштаган бийлиги туурасында анализчилер ал оозеки жымсал айтат экен, бирок алган багыты мурдагы эле бойдон дешет. Баса, ал G–8 саммитине аттанып атып журналисттер алдында:

- Биздин тышкы саясат – биздин улуттук кызыкчылыгыбызды бышыктагн, аны колдоого алган саясат болууга тийиш.

Мындай саясаттын артында Орусиянын, кошуналары Кытай баш болгон чыгыш өлкөлөрүн өзүнө жакындатып анан таасирин дүйнөлүк деңгээлде артыруунун камында. Ал баарыдан мурда Кошмо Штаттары менен Европага кысым көрсөтүү камын көрүүдө дешет. Бирок кандай гана алакетке түшпөсүн Кремл бийлиги экономикалык же согуштук топ түзүп ийери күмөн санатат дешет. Филадельфиядагы тышкы саясатты иликтөө институтунун президенти Харви Сикерман айтканга караганда:

- Экономикага келгенде, албетте, кытай орусиялык табигый ресурска колум жетсе дейт, бирок аны чыгыш өлкөлөрүнө жеткирүүдө азырынча Орусиянын чамасы чак. Согуштук чөйрөдө болсо Орусия чынында эле ал өлкөлөр менен тыгыз кызматташа баштады. Биргелешкен машыгууну Шанкай кызматташтык уюму алкагында тынбай өткөрүшү анын бир мисалы.

XS
SM
MD
LG