Армениянын президенти Серж Саркисян Абдулла Гүлдү Ереванда өтчү футбол матчын чогуу көрүүгө чакырды. Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамиле жок экенин эскрете кетели. Түркия менен Армениянын дүйнө чемпионатына квалификациялык беттешүүсү 6-сентябрда өтмөкчү. Анкара азырынча расмий жооп кайтара элек.