Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

ЧОҢ СЕГИЗДИН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАПОНИЯГА КЕЛЕ БАШТАШТЫ


Эң өнүккөн мамлекеттердин башын бириктирген Чоң сегиздин лидерлери Жапониянын Хоккайдо аралына келе башташты. 7-9-июлда ал жердеги Тояко курортунда жылдык саммит өтмөкчү. Бул жолку жыйын да нааразылык демонстрациялары менен коштолууда.

Саммиттеги коопсуздукту камсыздоого Жапон өкмөтү болуп көрбөгөн көлөмдөгү акча жумшап, 20 миңден ашуун тартип коргоочу тартылган.

Саппородогу чакан демонстрацияга чогулгандар Чоң сегиздин лидерлерин жакыр өлкөлөрдүн проблемаларын чечүүгө үндөштү.

Эң өнүккөн мамлекеттердин клубуна Британия, Канада, Франция, Италия, Япония, Россия жана Кошмо Штаттары кирет.

Кедейчиликке каршы күрөшүү кампаниясынын өкүлү, канадалык Денис Хоувелт активисттер элдин үнүн жеткирүүнү максат кылышат дейт:

Биз Чоң сегиздин саммиттин легитимдүү форум деп тааныбайбыз. Бул жакта бир топ маанилүү чечимдер кабыл алынаарын түшүнөбүз, лидерлер дүйнө элинин добушун уксун жана берген убадаларын аткарсын дейбиз.

Он чакты бейөкмөт уюмдар менен гуманитардык топтор үч күндүк альтернативалык саммит өткөрүүнү көздөшүүдө. Ал жыйында айлана-чөйрөнү коргоо, адам укуктары, тынчтык, өнүгүү, кедейчилик маселелери талкууланамакчы.

Ишебиде миңдеген демонстранттар Саппородо жүрүш уюштуруп, Чоң сегиздин жетекчилеринен Жердин ысышы, жакырчылык жана азык-түлүк каатчылыгына каршы чара көрүүнү талап кылышты.
Демонстранттар “Чоң сегизди жапкыла”, “Бай улуттардын саммиттине каршыбыз” деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Полиция менен майда кагылышуулар байкалганы кабарланууда.Төрт кишини кармап кетишти. Алардын бири Ройтерс агенттигинин оператору болуп чыкты:

Саммиттеги окуялар келечекте чыныгы демократия түптөй алабыз деген үмүт жаратат. Азыр болсо сегиз кубаттуу өлкө бүтүндөй планетада бардыгын көзөмөлдөшөт, - дейт Брэндон Журдан.

Жердин ысышы жана жакырчылыктын өсүшү өңдүү маселелерди талкуулоо үчүн кеңейтилген сессияга Кытай, Индия, Бразилия, Австралия жана бир катар африкалык мамлекеттердин лидерлери катышмакчы.

Жапон өкмөт башчысы менен бүгүнкү жолугушуусунан кийин АКШ президенти Жорж Буш бай мамлекеттер Африка туш болуп жаткан кыйынчылыктарды чечүүгө киришиши керек деп билдирди:

Айлана-чөйрө маселелерин талкуулоого келгенде биз абдан конструктивдүү болобуз. Бирок азыр Африкада каатчылыктан жабыркагандар өтө көп. Бай өлкөлөрдүн чара көрүшүнө убакыт келди.

Буш ушуну менен Чоң сегиздин саммиттине акыркы жолу катышмакчы. Орус президенти Дмитрий Медведев болсо, тескерисинче, жыйынга биринчи жолу барат.

XS
SM
MD
LG