Далай ламанын өкүлдөрү алардын жакшы санаалуу ыкыласына кытай жетекчилери жогорку деңгээлде болбосо да жетерлик негизде көңүл бурат деп ишенишкен эле. Бирок өткөн аптадагы сүйлөшүүлөр алардын абдан ичин суутту. Муну ишемби күнү Далай ламанын Пекинде болуп келген өкүлдөрү ырасташты. “Кытайлыктар кала берсе мындан аркы кадамдарыбыз кандай болорун аныктаган билдирүү кабыл алуу тууралуу сунушубузга да макул болушкан жок”,- деп айтылат Тибеттин сүргүндөгү өкмөтү Индиянын Дхарамсала шаарында ишемби күнү таркаткан документте.
Пекинге эки өкүл – Лоди Гыйари менен Келсанг Гыйалсен жөнөтүлгөн эле. Июлдун башталышында алар кытайлык ырасмий өкүлдөр менен эки күндөй сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Тараптар конкреттүү кандайдыр бир чечимдерге келе алышкан жок. Кытай болгону быйыл октябрда кайрадан жолугушууну сунуш кылды.
Кытайдын өкмөттүк басылмалары жергиликтүү чиновниктердин сөздөрүн келтиришип, “Далай лама баарыдан мурда Пекиндеги Олимпиадага бойкот жарыялоого чакырган активисттерди колдобой турганын далилдеши керектигин” жазып чыгышты.
Далай лама быйылкы олимп оюндарынын Кытайда өткөрүлүшүн колдой турганын, мындан тышкары Тибеттин көз карандысыздыгын эмес, анын автономиялык укугун гана жактаарын дембе-дем айтып келатат.
Тибеттеги тополоңдон соң Кытай бийликтери аймакты чет элдиктер үчүн жабык зона кылып жарыялаган эле. Бирок жакында аны туристтер үчүн кайра ачты.
Франциянын президенти Николя Саркози өткөн аптада Пекиндеги Олимпиаданын ачылыш салтанатына катышар-катышпасын “чоң сегиздин” саммити маалында айтарын билдирген. АКШ президенти Жорж Буш болсо Пекинге бара турганын ырастады. Өз чечиминин жүйөөсүн түшүндүрүп, Буш: “Менимче,Олимп оюндарынын ачылыш аземине барбай койгондо кытай элин ыза кылып алабыз. Ошондон соң Кытай жетекчилери менен ачык-айкын сүйлөшүү өтө кыйын болуп калмак”,- деп билдирди.